373-5-статья. Кассациялык инстанциядагы сот иштерди карап чыгышынын тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · XI БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Кассациялык даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда кассациялык инстанциядагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу же сунуш жана башка материалдар менен чогуу берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну же сунушту карап чыгып соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт. (2) Кассациялык инстанциядагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга кабарландырат. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чечилет. (3) Жазык иштери кассациялык инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат. (4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт. (5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат. (7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат. (9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан соң башка тараптын сөзүн угат. Судьялар тараптарга суроо берүүгө укуктуу. (10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет. (11) Кассациялык инстанциядагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, кассациациялык инстанциядагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет. (12) Кассациялык инстанциядагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. (13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат. Соттолуучунун абалын оордотууга алып келүүчү соттун айыптоо өкүмүн, аныктамасын, токтомун кайра карап чыгууга, ошондой эле актап чыгуу өкүмүн, болбосо ишке бөгөт коюу жөнүндө соттун аныктамасын, токтомун кайра карап чыгууга алар мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн кийин бир жылдын ичинде гана жол берилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
373-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-373-5" title="373-5-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>