373-1-статья. Соттук чечимдерге кассациялык даттануу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · XI БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Ушул главанын талаптарына ылайык биринчи инстанциядагы соттун мурда апелляциялык тартипте даттанылбаган жана мыйзамдуу күчүнө кирген чечими процесстин катышуучулары тарабынан кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Сот арачыларынын катышуусу менен чыгарылган соттун өкүмдөрү тараптар тарабынан кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. (2) Кассациялык даттануу же сунуш ушул Кодекстнн 334, 340-статьяларынын талаптарын сактоо менен биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. (3) Акталган, соттолгон жана кылмыш иши ага карата токтотулган адамдын таламдарына каршы кассациялык даттанууга соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден бир жылдан кийин гана жол берилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
373-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-373-1" title="373-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>