Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-статья. Жазык иштерин жүргүзүүдө прокурордун ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 мая 2016 года № 55
(1) Жазык иши боюнча иштин жүрүшүндө прокурор:
1) жазык ишин козгоого, тергөөнүн караштуулугуна ылайыктуу аны тергөө үчүн, өзгөчө учурларда, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүлөргө тапшырууга, берүүгө;
2) жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
(2) Жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү менен прокурор төмөндөгүлөргө:
1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана чечүү туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;
2) жазык ишин тергөөнү тергөөгө тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга;
3) тергөөчүгө карата баш тартууну, ошондой эле анын өзүнүн баш тартуусун чечүүгө;
4) эгер алар, ушул Кодекске ылайык прокурордун ыйгарым укуктарына кирсе, ишти териштирүү, жосунду квалификациялоо, процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө тергөөчүгө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
5) көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон тергөөчүнүн ушул Кодексте каралган каршы пикирин карап чыгууга;
6) тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга, иш боюнча сот ишин токтото туруу, кыскартуу жөнүндө чечим чыгарууга;
7) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун чечимине жана аракеттерине даттанууларды чечүүгө;
8) эгерде тергөөчү жана төмөн турган прокурор мыйзамдын бузулушуна жол берсе, каралып жаткан иш боюнча жазыктык сот ишин жүргүзүүгө андан ары катышуудан аларды четтетүүгө;
9) эгерде бул адамдар айыпталуучу катары тартылууга тийиш болсо, аларды жазык куугунтугунун иммунитетинен ажыратуу жөнүндө өтүнүч менен тийиштүү органдарга кайрылууга;
10) сотто айыптоону колдоого;
11) тергөөдөгү мүчүлүштүктөрдү четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүү менен жазык ишин тергөөчүгө кайтарып берүүгө;
12) айыпталуучуну жазык куугунтугуна алуудан баш тартууга жана ага коюлган айыптоону өзгөртүүгө;
13) жазык иши боюнча соттук кароо жүрүп жаткандыгына байланыштуу изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү туурасында, ошондой эле соттук заседаниеге чакырылган адамдын катышуусун камсыз кылууда чараларды кабыл алуу боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
14) жазыктык сот ишине катышкан жабырлануучуну, күбөнү жана башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу туурасында тапшырма берүүгө;
15) ушул Кодекстин 94 жана 95-статьяларынын талаптары бузулуу менен кармалган адамдарды бошотууга;
16) тергөөнүн мөөнөттөрүн узартууга укуктуу;
17) тергөөчүгө камакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө, шек саналуучуну же айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол берилген камакка алууда кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө.
18) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүгө.
(3) Прокурор ошондой эле ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. (4) Ушул Кодексте каралган тартипте кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү кармоого жана жазык ишин тергөөгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына берилген прокурордун көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Алынган көрсөтмөлөргө жогору турган прокурорго даттануу бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышын токтото тура албайт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы N 1-р чечими
(КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2011-жылдын 9-августундагы № 152, 2014-жылдын 15-январындагы № 11, 2016-жылдын 6-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 мая 2016 года № 55 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2011 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 29 июня 2001 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 19.06.2001
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-январындагы №4- "жаран Мамасадык Абдыкалыковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Сот практикасы · Решение · 13.01.2014 · № 01-р
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-январындагы №4- "жаран Мамасадык Абдыкалыковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 13.01.2014 · № 01-р
- Постановление Конституционной палаты Верховного суда КР от 30 января 2014 года (О разъяснении Решения Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики от 13 января…Постановление · 30.01.2014
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 7-мартындагы Мамасадык Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун Кыргыз…Постановление · 27.06.2019
- (Русский) Решение от 29 июня 2001 годаРешение Конституционного суда · 19.06.2001
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 7-мартындагы"Мамасадык Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун Кыргыз…Постановление · 07.03.2019
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-34" title="34-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>