34-1-статья. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жетелек шектүү (айыпкер) кармалган учурдан тартып ишке катышат. (2) Ишке катыша баштаган учурдан тартып балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жашы жетелек шектүүнүн (айыпкердин) пайдасына күбөлөндүрүүчү материалдарды чогултууга;
2) жашы жетелек шектүүнү (айыпкерди), соттолгонду реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын берүүгө;
3) кылмыш иши боюнча өндүрүштүн бардык стадияларына катышууга;
4) иштин материалдары менен таанышууга, алгачкы тергөө кызматкеринин, тергөөчүнүн, прокурордун, жаза аткаруу мекемесинин чечимдерине, аракеттерине, аракетсиздигине даттанууга жана аларды кароого катышууга.
(3) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-34-1" title="34-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>