КР «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 6-майы № 55 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 34-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "мыйзамдын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 155-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"(11) Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3) 156-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"(11) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат. Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон