331-31-статья. Өкүм токтому
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Өкүм ушул Кодекстин 317-324-статьяларынын талаптарына ылайык төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен токтом кылынат:
- өкүмдүн киришүү бөлүгүндө сот арачыларынын фамилиялары көрсөтүлбөйт;
- актоочу өкүмдүн баяндама-жүйөлөмө бөлүгүндө айыптоонун маңызы жана ал боюнча кабыл алынган актоочу вердиктке же эгерде баш тартуу болсо, мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон баш тартуусуна шилтеме берилет. Далилдерди келтирүү сот арачыларынын коллегиясы кабыл алган вердикттен келип чыкпаган бөлүгүндө гана талап кылынат;
- актоочу өкүмдүн баяндама-жүйөлөмө бөлүгүндө сот арачыларынын коллегиясынын катышуусу менен сот жасалды деп тааныган кылмыштуу жосундун баяндамасы, кылынган жосундун квалификациясы, белгиленген жазанын жүйөлөрү жана соттун жарандык доого же кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга карата чечиминин негиздемеси болушу керек;
- өкүмдүн корутунду бөлүгүндө өкүмдү ушул Кодексте белгиленген тартипте кассациялык жана көзөмөл инстанциясына даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө болушу керек.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-31" title="331-31-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>