331-26-статья. Вердиктти жарыялоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Коюлган суроолорго жооптор киргизилген суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлгандан кийин сот арачылары сот заседаниесинин залына кайтып келишет. (2) Сот арачыларынын улугу төрагалык кылуучуга жооптор киргизилген суроо баракчасын берет. Сын-пикирлер болбосо төрагалык кылуучу жарыялоо үчүн сот баракчасын сот арачыларынын улугуна кайтарып берет. (3) Төрагалык кылуучу вердиктти түшүнүксүз же карама-каршылыктуу деп тапса, сот арачыларынын коллегиясына анын түшүнүксүздүгүн же карама-каршылыктарын көрсөтөт жана аларга суроо баракчасына тактоолорду киргизүү же карама-каршылыктарды жоюу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып барууну сунуш кылат. (4) Төрагалык кылуучунун суроо баракчасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы боюнча кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачыларынын коллегиясы биринчи кабыл алынган вердиктти кайра кароо же күчүндө калтыруу зарылдыгы жөнүндө көпчүлүктүн добушу менен чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып келет. (5) Сот арачыларынын улугу суроо баракчасы боюнча аларга сот арачылары тарабынан коюлган суроолорду жана аларга сот арачыларынын жоопторун окуу менен вердиктти жарыя кылат. (6) Вердиктти сот залындагылардын баардыгы орундарынан туруп угушат. (7) Жарыяланган вердикт жазык ишинин материалдарына кошуу үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-26" title="331-26-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>