331-25-статья. Соттук териштирүүнү кайра баштоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын улук аркылуу берилген өтүнүчү боюнча тараптардын ой-пикирин угуп, төмөнкүдөй учурларда соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө маселени чечет:
1) эгерде кеңешүүчү бөлмөдө сот арачылары суроо баракчасында коюлган суроолор боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы жөнүндө чечимге келишсе;
2) эгерде кеңешүү учурунда сот арачыларында жазык ишинин кандайдыр бир иш жүзүндөгү жагдайлары боюнча коюлган суроолорго жооптор үчүн олуттуу мааниге ээ жана кошумча иликтөөнү талап кылган шектенүүлөр пайда болсо.
(2) Төрагалык кылуучу соттук териштирүү кайра башталгандан кийин тараптардын катышуусунда коюлган суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ал эми зарыл болгон учурларда кырдаалды кошумча изилдөө өткөрүлөт. (3) Кайра башталган соттук териштирүү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу тарабынан суроо баракчасындагы сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго тактоолор киргизилиши мүмкүн. Тараптар суроо баракчасына кошумча суроолорду киргизүү же мурда коюлган суроолорду тактоо жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. (4) Кошумча түшүндүрмөлөр жана (же) жаңыдан изилденген жагдайлар боюнча тараптардын сөздөрүн жана репликаларын, соттолуучунун акыркы сөзүн жана төрагалык кылуучунун кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайрадан кайтып келишет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-25" title="331-25-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>