331-27-статья. Төрагалык кылуучунун вердикт жарыя кылынгандан кийинки иш аракети
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын коллегиясы соттолуучунун күнөөсү жок экендиги жөнүндө вердикт кабыл алганда төрагалык кылуучу аны акталды деп жарыялайт. Мында кайтарууда турган соттолуучу сот заседаниесинин залынан токтоосуз бошотулат. (2) Вердикт жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларга ыраазычылык билдирет жана алардын соттук териштирүүгө катышуусу аяктаганы тууралу жарыялайт. (3) Вердикттин кийинки натыйжалары сот арачыларынын катышуусуз талкууланат. Сот арачылары жазык ишин кароо аяктаганга чейин сот заседаниесинин залындагы жалпы эл үчүн бөлүнүп коюлган орундарда калууга укуктуу.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-27" title="331-27-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>