331-24-статья. Вердиктти кабыл алуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачылары өздөрүнүн алдына коюлган суроолорду талкуулоодо чечимди бир добуштан кабыл алууга умтулуулары тийиш. Эгерде сот арачысы үч саат аралыгында талкуулоо убагында бир чечимге келе албаса, анда чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынат. (2) Сот арачыларынын вердикттери айыптоочу же актоочу болушу мүмкүн. (3) Сот арачыларынын жетиден кем эмеси ушул Кодекстин 331-20-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч суроонун жок дегенде бирөөнө терс жооп берген учурда актоочу вердикт чыгарылат. (4) Сот арачыларынын көпчүлүгү ушул Кодекстин 331-20-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч суроого сот арачыларынын жетиден кем эмеси оң жооп берген учурда айыптоочу вердикт чыгарылат. (5) Эгер актаган да, айыптабаган да вердикттер кабыл алынбаса, анда вердикт чыгарылбаган болуп эсептелет, ал эми коллегия таркатууга жатат. Прокурор бир айдын ичинде сот арачылардын жаңы курамынын алдында процессти кайра баштоо жөнүндө же болбосо жазык ишин токтотуу жөнүндө сотко сунуш киргизиши керек. Прокурордон процессти кайра баштоо жөнүндө сунуш түшкөн учурда сот ушул главанын талаптарына ылайык коллегиянын жаңы курамын түзүүгө киришет. (6) Сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жооптор ("Ооба, күнөөлүү", "Жок, күнөөлүү эмес" жана башка ушул сыяктуу жооптор) жооптун маңызын ачуучу же тактоочу, милдеттүү түрдө бышыктоону же четке кагууну түшүндүрүүчү сөз же сөз тизмеги болуусу тийиш. Алдыңкы суроого берилген жооп андан кийинки суроолорго жооп берүүнүн зарылдыгын жокко чыгарган учурда улук ал жооптон кийин "жоопсуз" деген сөздү жазат. Соттолуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө оң жооп бергенде же анын жосуну далилденгенде, сот арачылары жооптон кайсы бир фразаны алып салууга эскертүү кылууга укуктуу. (7) Суроолорго жооптор түздөн-түз ар бир тиешелүү суроолордон кийин, сот арачыларынын улугу тарабынан суроо баракчасына киргизилет. (8) Суроо баракчасында жооптон кийин улук добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгын көрсөтөт. Коюлган суроолорго берилген жоопторду киргизүү менен суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-24" title="331-24-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>