215-статья. Айыпкердин келишинин милдеттүүлүгү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 26-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндикте жүргөн айыпкер суракка чакыруу кагазы менен чакырылат. Чакыруу телефонограмма же телеграмма аркылуу да берилиши мүмкүн. (2) Чакыруу кагазында айыпкер катарында ким, кайда, кайсыл күнү жана кайсыл саатка чакырылгандыгы, ошондой эле келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Чакыруу кагазы айыпкерге андан колкат алуу менен, ал эми ал убактылуу жок болгон учурда, ал үй-бүлөнүн эрезеге жеткен мүчөсүнө же ал иштеген же окуган жердеги администрациянын өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө айыпкерге берип коюу үчүн тапшырылат. (4) Эркиндикте жүргөн айыпкер тергөөчүнүн чакыруусу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө милдеттүү. (5) Төмөндөгүлөр:
1) айыпкерди келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;
2) жакын туугандарынын өлүмү;
3) табигый кырсыктар;
4) чакыруу кагазын албай калуу;
5) айыпкерге белгиленген мөөнөттө келүүгө мүмкүнчүлүк бербеген башка жагдайлар тергөөчүнүн чакыруусу боюнча айыпкердин келбей калышынын жүйөлүү себептери деп таанылат.
(6) Белгиленген мөөнөттө келбей калуунун себептери жөнүндө айыпкер тергөөчүгө билдирүүгө милдеттүү. (7) Жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда айыпкер мажбурлап алынып келиши мүмкүн. (8) Камакта отурган айыпкер камалган жердин администрациясы аркылуу чакырылат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
215-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-215" title="215-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>