216-статья. Айып коюу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 26-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Адамды айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан тартып үч суткадан кечиктирилбестен айып коюу жактоочунун катышуусу менен жүргүзүлөт. Айыпкер же анын жактоочусу келбей калган учурда, айып үч сутка өткөндөн кийин да коюлушу мүмкүн. (2) Алынып келинген айыпкерге айып коюу ал алынып келген күнү жүргүзүлөт. (3) Тергөөчү айыпкердин ким экендигине ынангандан кийин, айыпкерге жана анын жактоочусуна айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтомду билдирет. (4) Тергөөчү айыпкерге коюлган айыптын маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү. (5) Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу, айып коюлган күндү жана саатты көрсөтүү менен тергөөчүнүн айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомуна айыпкердин, жактоочунун жана тергөөчүнүн колдорун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (6) Айыпкер кол коюудан баш тартканда, тергөөчү жана жактоочу айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдо ага токтомдун тексти билдирилгендиги тууралу ырасташат. (7) Айыпкерге аны айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тапшырылат. (8) Токтомдун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
216-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-216" title="216-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>