117-статья. Айдап келүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Шектүү, айыпкер, соттолуучу ошондой эле жабырлануучу жана күбө чакырганда жүйөлүү себепсиз келбей койгон учурда, тергөөчүнүн, судьянын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча айдалып келиниши (мажбурлап алып келүү) мүмкүн. Ушул Кодекстин 215-статьясында көрсөтүлгөн жагдайлар келбей коюунун жүйөлүү себептери катары табылат. Чакырган учурда белгиленген мөөнөтүндө келүүгө тоскоол болгон жүйөлүү себептер бар экендиги тууралу шектүү, айыпкер, соттолуучу ошондой эле жабырлануучу жана күбө өздөрүн чакырган органга билдирип коюуга милдеттүү. (2) Айдап келүү жөнүндө токтом (аныктама) шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга ошондой эле күбөгө жана жабырлануучуга жарыяланат, мунун өзү аларды токтомго (аныктамага) кол койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Айдап келүү түнкүсүн жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. (4) Он алты жашка чейинки курактагы жашы жетпегендерди, кош бойлууларды, ошондой эле саламаттыгына байланыштуу турган жеринен келе албаган же ал жерди таштап кете албаган оорулууларды айдап келүүгө болбойт. (5) Айдап келүү алгачкы текшерүү органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
117-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-117" title="117-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>