Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
188-статья. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июля 2013 года № 129
(1) Шектүүнүн, айыпталуучунун жана башка адамдардын телефон жана башка сүйлөшүүлөрү жазык иши үчүн мааниси бар маалыматтарды камтышы мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, аларды контролдоо жана жазып алуу анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазык иштеринин өндүрүшүндө ушул Кодекстин 169-1-статьясында белгиленген тартипте кабыл алынуучу соттук чечимдин негизинде кийин жыйырма төрт сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго кабарлоо менен жол берилет. Видео-аудиотехниканы же башка атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазып алуу шектүүгө, айыпталуучуга жана башка адамдарга карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө жана (же) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө жазык иштеринин өндүрүшүндө соттук чечимдин негизинде гана кийин жыйырма төрт сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго кабарлоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. (2) Жабырлануучуга, күбөгө же алардын жакын туугандарына, туугандарына, жакын адамдарына карата зомбулук, опуза талап жана башка кылмыштуу аракеттерди жасоо коркунучу болгондо телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоого жана жазып алууга көрсөтүлгөн адамдардын жазуу түрүндөгү арызы боюнча, ал эми андай арыз болбосо соттук чечимдин негизинде кийин жыйырма төрт сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго кабарлоо менен жол берилет. (3) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алууну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ушул чараларды өндүрүштө колдонуу зарыл болгон жазык иши;
2) ушул тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн негиздери;
3) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролго алынууга жана жазылууга жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
4) контролдоону жана жазып алууну жүзөгө ашыруунун мөөнөтү;
5) контролдоону жана жазып алууну техникалык жактан жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.
(4) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жаздырып алууну жүргүзүү жөнүндөгү токтом тергөөчү тарабынан аткаруу үчүн тийиштүү органга жөнөтүлөт. (5) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алууну жүргүзүү алты айлык мөөнөткө чейин белгилениши мүмкүн. Ал тергөөчүнүн токтому боюнча, эгерде бул чаранын зарылдыгы болбой калганда, бирок ошол жазык иши боюнча алдын ала тергөөлөрдүн аякташынан кечиктирилбей токтотулат. (6) Тергөөчү телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазуу жүргүзүүнүн бардык мөөнөт ичинде каалаган учурунда аларды ишке ашырып жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн талап кылууга укуктуу. Ал тергөөчүгө көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдү жазуунун башталган жана аяктаган убактысы жана күнү көрсөтүлгөн, мөөр басылып чапталып жабылган коштоочу кат жана мында пайдаланылган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү менен берилет. (7) Тергөөчү күбөлөрдүн жана зарыл болгондо адистин, ошондой эле телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү жазылып алынган адамдардын катышуусу менен фонограммаларды карап чыгуунун жана угуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда фонограмманын тергөөчүнүн пикири боюнча ошол жазык ишине тиешеси бар бөлүгү сөзмөсөз баяндалууга тийиш. Фонограмманы карап чыгууга жана угууга катышкан адамдар ошол эле протоколдо же өзүнчө протоколго карата өздөрүнүн пикирлерин баяндоого укуктуу. (8) Фонограмма толук өлчөмдө, тергөөчүнүн токтомунун негизинде, буюмдай далил катары жазык ишинин материалдарына кошулат жана мөөр басылган боюнча, башка адамдар тарабынан фонограмманын угулушуна жана нускасынын көбөйтүлүшүнө жол бербей турган абалында жана сот заседаниесинде кайталап угуу үчүн жарактуу сакталышын жана техникалык жарамдуулугун камсыз кылуучу шарттарда сакталат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-188" title="188-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>