Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
187-статья. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, аларды карап чыгуу жана алып коюу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июля 2008 года № 142
(1) Жазык иши үчүн мааниси бар предметтер, документтер же маалыматтар тийиштүүлүгүнө жараша бандеролдордо, посылкаларда же башка почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдө, болбосо телеграммаларда же радиограммаларда болушу мүмкүн деген жетиштүү негиздер болгондо, аларга камак салынышы мүмкүн. (2) Почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу, аларды карап чыгуу жана байланыш мекемелеринен алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча жүргүзүлөт. (3) Тергөөчүнүн почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу жана аларды карап чыгуу жана алып коюу жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) почта-телеграфтык жөнөтүүсү кармалууга тийиш болгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;
2) камак салуунун, карап чыгуунун жана алып коюу жүргүзүүнүн негиздери;
3) камак салууга тийиш болгон почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдүн түрлөрү;
4) тийиштүү почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү кармоо милдети жүктөлгөн байланыш мекемесинин аталышы.
(4) Сот тарабынан прокурордун санкциясын алгандан кийин тергөөчү токтомду анын көчүрмөсү почта-телеграфтык жөнөтүүнү кармоо тапшырылган тиешелүү байланыш бөлүмүнө жөнөтүлөт жана ал жөнүндө токтоосуз тергөөчүгө кабарландырылат. (5) Кармалган почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуу, алып коюу жана көчүрмөлөрүн алуу тергөөчү тарабынан тийиштүү байланыш бөлүмүндө ошол мекеменин кызматкерлеринин ичинен тартылган күбө-калыстардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Тергөөчү зарыл учурларда почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуу жана алып коюуну жүргүзүүгө катышуу үчүн адисти, ошондой эле тилмечти тартууга укуктуу. Почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуунун ар бир учурунда протокол түзүлөт, анда кандай почта-телеграфтык жөнөтүүлөр ким тарабынан каралганы, көчүрүлгөнү жана кимге жөнөтүлгөнү же кармалганы көрсөтүлөт. (6) Почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу тергөөчү тарабынан прокурорго милдеттүү түрдө кабарландыруу менен, бул чаранын зарылдыгы болбой калган учурда, бирок ошол жазык иши боюнча тергөө аяктаганынан кечиктирбестен жокко чыгарылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-187" title="187-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>