188-1-статья. Абоненттер жана абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматты алуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты жазык иши үчүн мааниси бар деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тарабынан көрсөтүлгөн маалыматты алууга ушул Кодекстин 169-1-статьясында белгиленген тартипте кабыл алынуучу соттук чечимдин негизинде кийин жыйырма төрт сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго кабарлоо менен жол берилет. (2) Абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алууга тиешелүү болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аны жүргүзүүдө ушул тергөө аракетин аткаруу зарыл болгон жазык иши;
2) алар боюнча ушул тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан негиздер;
3) тиешелүү маалымат алуу зарыл болгон мезгил жана (же) ушул тергөө аракетин жүргүзүүнүн мөөнөтү;
4) көрсөтүлгөн маалыматты алуу зарыл болгон уюмдун аталышы.
(3) Абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алуу жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган учурда, анын көчүрмөсү тергөөчү тарабынан көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго жана байланыш кызматтарын жүзөгө ашырган тиешелүү уюмга жыйырма төрт сааттын ичинде жиберилет, көрсөтүлгөн маалыматты анын жетекчиси маалыматты кандай болбосун материалдык алып жүрүүчүдө жаздырып берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалымат коштоочу кат менен, мөөр басылып чапталган түрүндө берилет, анда маалымат берилген мезгил жана абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн номерлери көрсөтүлөт. (4) Абоненттер жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты тергөөчү тарабынан алуу алты айга чейинки мөөнөткө белгилениши мүмкүн. Байланыш кызматын көрсөтүүнү жүзөгө ашырган тиешелүү уюм ушул тергөө аракетин жүргүзүүнүн бардык мөөнөтү ичинде тергөөчүгө көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө милдеттүү. (5) Тергөөчү абоненттер жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалымат камтылган берилген документтерди күбө-калыстардын жана (зарыл болгондо) адистин катышуусу менен карайт, ал жөнүндө токтом түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча жазык ишине тиешеси бар маалыматтын ошол бөлүгү (абоненттер жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулардын датасы, убактысы, узактыгы, абоненттердин номерлери жана башка маалыматтар) көрсөтүлүшү керек. Протокол түзүүдө катышкан адамдар ошол эле протоколдо же андан өзүнчө өзүнүн сын-пикирлерин баяндоого укуктуу. (6) Абоненттер жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалымат камтылган берилген документтер заттык далил катары тергөөчүнүн токтомунун негизинде толук көлөмдө жазык ишинин материалдарына кошо тиркелет жана алар менен башка адамдардын танышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жана алардын сакталышын камсыз кылган шарттарда мөөр басылып чапталган түрүндө сакталат. (7) Эгерде ушул тергөө аракетин жүргүзүүнүн зарылчылыгы болбой калса, анын өндүрүшү жазык иши боюнча тергөө аяктагандан кечиктирилбестен тергөөчүнүн токтому боюнча токтотулат. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
188-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-188-1" title="188-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>