Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-сентябры №133 Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 519 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 210-р буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Раев Марлис Турусбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 248-р буйругу менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Чакибаев Эмиль Акжолтоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Нарын шаардык, Москва жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 10-октябрындагы №144 "2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу…Постановление · 10.10.2019 · № 144
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 10-октябрындагы №145 "2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл…Постановление · 10.10.2019 · № 145
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 10-октябрындагы №146 "2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл…Постановление · 10.10.2019 · № 146
- Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы №1 "Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө"токтомуПостановление · 01.09.2019 · № 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 519 (Э.А.Алымкүлов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.09.2019 · № 519
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.