Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө»токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 1-октябры №1 Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 43-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 54-главасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133 токтомуна ылайык, Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдору бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 25 депутаттын добушун алган талапкер Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Токтом Нарын шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
Төрага:
Ж. Ботоканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон