Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-октябры №144 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 519 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. 2019-жылы 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 133 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна 3 талапкер катталган: "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан - Молдокадыров Нурбек Асыранкулович, "КСДП" депутаттык фракциясынан - Мукамбетов Сталбек Бейшебаевич, "Ала-Тоо ынтымагы" депутаттык фракциясынан - Чымылдаков Эмилбек Назарбекович. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 1-октябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Нарын шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын баардыгы добуш берүүгө катышып, Н.А.Молдокадыровго - 25 добуш, С.Б.Мукамбетовго - 3 добуш, Э.Н.Чымылдаковго - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 3 добуш берилгендиги белгиленген. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 1-октябрындагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен Н.А.Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталган. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январынын № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 1-октябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын шайланган мэри болуп таанылсын.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133 "Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек…Постановление · 13.09.2019 · № 133
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 519 (Э.А.Алымкүлов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.09.2019 · № 519
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.