35-статья. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумдагы
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 января 2010 года № 14
35-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 35-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
трансферттер (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Категориялык гранттар - мамлекет тарабынан кепилдик берилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын айрым түрлөрүн финансылоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз негизде республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Категориялык гранттар жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды финансылоонун керектөөлөрүнө эсептелген формуланын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына республикалык бюджеттен берилет. Категориялык гранттарды эсептөөнүн ыкмалары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Билим берүү үчүн категориялык гранттын өлчөмдөрүн конкреттештирүү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө жыл сайын белгиленет. Категориялык гранттар белгиленген ыкмага жана формулага ылайык жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт. Теңдештирүүчү гранттар - стабилдүү социалдык экономикалык абалга колдоо көрсөтүү максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын финансылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Теңдештирүүчү гранттар жергиликтүү коомдоштуктун чыгымдарын финансылоодо кирешелердин потенциалынын жана жергиликтүү бюджеттин керектүүлөрүнүн ортосундагы финансылык ажырымды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелинет жана бөлүштүрүлөт. Теңдештирүүчү гранттар белгиленген ыкма жана формулага ылайык жергиликтүү бюджетке Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчылыктуу программалардын жана долбоорлордун каражаттарын натыйжалуу чыгымдоого дем берүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана жергиликтүү кирешелердин булактарын кыйла толугу менен мобилизациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга талаптама берүүгө укуктуу. Гранттардын өлчөмдөрү жана алардын тизмеси республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда жыл сайын каралып турушу мүмкүн. Гранттарды берүүнүн ыкмасы, эсептөө формуласы жана шарттары үч жыл боюу өзгөртүлүүгө тийиш эмес. Өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык өткөрүп берилет. Бюджеттик ссудалар-кайтаруу, тез жана пайызсыз негизде башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын алкагында 12 айга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык берилет. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы № 169, 2009-жылдын 17-июлундагы № 232, 2010-жылдын 28-январындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 232 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 сентября 2004 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 91/13-3 "Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга милдеттери жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2014 · № 91/13-3
- Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги №46/9-3 "Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга милдеттери жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2013 · № 46/9-3
- Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №42/9-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Комиссиянын курамын бекитүү…Постановление · 29.12.2016 · № 42/9-4
- 2016-жылдын 29-декабрындагы № 41/9-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2016 · № 41/9-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 149/19-3 "Токмок ш. 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017 –жылдарга божомолу" токтомуПостановление · 26.02.2015 · № 149/19-3
- Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги №45/9-3 "Токмок шаарынын 2012-жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2013 · № 45/9-3
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2003 года № 253 "О Концепции реформирования системы финансирования здравоохранения в Кыргызской Республике на период до 2006 года и…Постановление · 30.04.2003 · № 253 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 сентября 2003 года №614 "О мерах по введению механизма стимулирующих (долевых) грантов"Постановление · 27.09.2003 · № 614 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 862 токтомуПостановление · 22.12.2015 · № 862
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы № 50/10-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиясынын курамына…Постановление · 06.02.2017 · № 50/10-4 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 862 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола между Правительством Кыргызской Республики и Правительством…Постановление · 22.12.2015 · № 862 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-35" title="35-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>