Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга милдеттери жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 12-марты № 91/13-3 Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга милдеттери жөнүндө Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун “Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 2, 35, 46 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы – экономикасынын негизи жөнүндө” Мыйзамынын 2, 3, 7, 13 беренелерин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин көзөмөлдөө сандарын жетекчиликке алуу менен жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2014-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 219518,0 миң сом өлчөмүндө, 2015-жылга божомол – 234532,0 миң сом, 2016-жылга – 253973,0 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2014-2016-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (тиркеме №3) жана жергиликтүү бюджеттин чыгашанын үстүнөн ашыкча кирешенин эсебинен 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгаша бөлүмүнүн өзгөрүлгөн тизмеги бекитилсин (тиркеме №4) бекитилсин;
2. 2014-жылдын жана 2015-2016-жылдарга божомолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, стипендия, калкка жеңилдетүүлөр) каржылоо орнотулсун.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча кассалык накталай жүгүртүү 2014-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө орнотулсун.
4. Каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан:
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин аткарылышында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга киреше жана чыгашалар бөлүгү боюнча планды тактоо иштери жүргүзүлсүн;
- шаардын бюджеттик мекемелеринин 2013-жылдын кредитордук карызын жоюуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн.
5. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Супатаев К.А.), Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Чотбаев К.К.) тарабынан:
- көмүскөдөгү экономика секторун легализациялоо боюнча иш жүргүзүү жана башкарууну жакшыртуу жолу менен, ай сайын 4,0 млн. сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр боюнча жыйноолорду жогорулатууга чаралар көрүлсүн,
- ай сайын салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча жыйноо планынын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча иш күчөтүлсүн.
6. Токмок шаарынын каржы бөлүмү жана Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын тарабынан бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөрүүлөр киргизилсе, шаардык Кеңештин сессиясында кийин бекитүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда тактоо жүргүзүлсүн.
7. 2014-жылдын 1-январына карата бюджеттик бош каражаттардын калдыктары (2013-жылдын жыйынтыктары боюнча чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен (профицит) Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, 10,0 млн. сом өлчөмүндө акча каражат шаардын жолдорун оңдоо иштерине жөнөтүлсүн).
8. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгашалар сметасы боюнча, Токмок ш. 3-кичи районундагы “Чүй Дан Азыктын” мурдагы бала бакчасынын имаратына (үлүштүк) стимграндттардын эсебинен капиталдык оңдоо жүргүзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга кошо каржылоо жүргүзүү үчүн, шаардык жергиликтүү бюджеттен 1500,0 миң сом каралсын, анын ичинен:
- 50 пайызы же 750,0 миң сом – акча каражат менен;
- 50 пайызы же 750,0 миң сом – материалдар жана эмгек ресурсу түрүндө.
9. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашык аткарууда, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен 12380,4 миң сом каражат каралсын, анын ичинен:
- жер алдындагы жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөсүн оңдоого – 4200,0 миң сом;
- Токмок ш. Башкы планын иштелмелөөгө – 6680,4 миң сом;
- машиналарды жана жабдууларды алууга – 1500,0 миң сом.
10. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик ишканалар, шаардык каржы бөлүмүнө бюджет жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын жана штаттык түзүмүн берүүгө милдеттендирилсин.
11. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казына тутумунан тышкары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузууда 100 пайыз атайын каражаттар жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик ишканаларында, коммуналдык кызмат боюнча (байланыш кызматы, сууга төлөм, электроэнергиясы, жылуулук энергиясы) чектөөлөр катуу сакталсын.
13. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 б. ылайык, шаардык бюджетти бекитүүдө, караганга мүмкүн эмес экономикалык, социалдык – маданий жана башкалар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, шаардык Кеңештин жана Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин (Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы – 0,3% жана Токмок ш. мэри – 0,7%) түзүлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Таманбаев
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 1 тиркеме
2014-жылга карата Токмок ш. жергиликтүү бюжетинин киреше бөлүгүнүн долбоору
жана 2015-2016 -жылдарга карата божомолу
(миң. сом)
Элемент (8)
Аталыштары
2014 г.
Божомол
2015 г.
2016 г.
жалпы кирешелер
219518,0
234532,0
253973,0
Атайын каражаттарсыз жалпы кирешелер
190552,0
205566,0
225007,0
МСК кирешелер
182052,0
194766,0
214207,0
11
салык кирешелери
177470,0
190184,0
209625,0
11111100
салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы
52 225,0
60 742,0
70 345,0
11121100
чакан ишкердүүлүк субъек. үчүн бирдиктүү салык
2 100,0
2 730,0
3 450,0
11122100
милдеттүү патенттин негизинде салык
1 850,0
1 880,0
2 004,0
11122200
ыктыярдуу патенттин негизинде салык
25 000,0
25 172,0
26 332,0
11311100
ишкердүүлүк үчүн колдонулбаган кыйм. мүлккө салык
693,0
693,0
693,0
11311200
2 группадагы ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык
10427,0
10427,0
10427,0
11311200
3 группадагы ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык
100,0
100,0
100,0
113121
унаа каражаттарына салык
11200,0
11200,0
11200,0
11321100
короо -бакча жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн салык
3 260,0
3 260,0
3 260,0
11321300
айыл -чарба эмес жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык
11 310,0
11 310,0
11 310,0
11412100
сатуудан түшкөн салык
58 385,0
61 690,0
69 474,0
11442
Роялти
920,0
980,0
1 030,0
14
салык эмес кирешелер
40048,0
42348,0
42348,0
14152100
жерди ижарага алуу үчүн төлөмдөр
2 830,0
2 830,0
2 830,0
141530
мун.менч. жайл., имарат., курул-дын ижара төлөмдөрү
350,0
350,0
350,0
1422100
таштандыларды ташып чыгуу үчүн төлөмдөр
402,0
402,0
402,0
14221800
унаалардын токтотмолору үчүн төлөмдөр
1000,0
1000,0
1000,0
142222
юстиция органдары тараб. алынган мамалымдар
6 500,0
7 000,0
7 000,0
1423
акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүлөр (атайын каражаттар)
28966,0
28966,0
28966,0
14311100
Административдик айыптар
1 800,0
1 800,0
3
Активдер жана милдеттер
2000,0
2000,0
2000,0
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Р. Кадыркулова
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы
Н. Котко
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 2 тиркеме
2014-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн
жана 2015-2016 жылдарга карата божомолунун долбоору
миң сом.
Бөлүк
Аталышы
2014 г.
Божомол
2015 г.
2016 г.
701
Мамлекеттик кызматтар
бюджеттик каражаттар
21648,5
25589,9
28008,0
атайын каражаттар
150,0
150,0
150,0
702
Коргонуу
бюджеттик каражаттар
2510,6
3694,8
4044,0
703
Коомдук тартип
бюджеттик каражаттар
3794,0
4013,3
4430,4
атайын каражаттар
282,0
282,0
282,0
704
Экономикалык маселелер
аттайын каражаттар
1122,2
2480,3
2714,7
706
ТЖКЧ
бюджетик каражаттар
63469,7
63885,0
67148,1
707
Саламаттык сактоо
бюджеттик каражаттар
765,0
969,9
1061,6
708
Маданият
бюджеттик каражаттар
21936,2
26253,1
28734,0
атайын каражаттар
816,3
816,3
816,3
709
Билим берүү бөлүмү
бюджеттик каражаттар
62487,0
64861,0
73741,6
атайын каражаттар
27717,7
27717,7
27717,7
710
Социалдык өнүктүрүү
бюджеттик каражаттар
12818,8
13818,7
15124,6
Бардык каражаттар
219518,0
234532,0
253973,0
бюджеттик каражаттар
190552,0
205566,0
225007,0
атайын каражаттар
28966,0
28966,0
28966,0
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Р. Кадыркулова
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы
Н. Котко
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 3 тиркеме
Токмок ш. 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн жана 2015-2016ж.ж. божомолунун
долбоорун жөнгө салуу планы
(миң сом)
Кирешелер
2014 год
Божомол
2015 год
2016 год
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
%
сумма
%
сумма
%
сумма
1.Жөнгө салынуучу кирешелер
140480,0
153194,0
172635,0
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
50
52225,0
50
60742,0
50
70345,0
Чакан ишкерд суб.үчүн бирдиктүү салык
100
2100,0
100
2730,0
100
3450,0
Милдеттүү патент негизиндеги салык
100
1850,0
50
1880,0
50
2004,0
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык
100
25000,0
100
25172,0
100
26332,0
Сатуудан түшүүчү салык
50
58385,0
50
61690,0
50
69474,0
Роялти
50
920,0
50
980,0
50
1030,0
2.Бекитилген кирешелер
79038,0
81338,0
81338,0
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
100
693,0
100
693,0
100
693,0
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык
100
10427,0
100
10427,0
100
10427,0
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык
100
100,0
100
100,0
100
100,0
Унаа каражаттарына салык
100
11200,0
100
11200,0
100
11200,0
Жеке жактардан алынуучу жер салыгы
100
3260,0
100
3260,0
100
3260,0
Юридикалык жактардан алынуучу жер салыгы
100
11310,0
100
11310,0
100
11310,0
Жерлерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм
100
2830,0
100
2830,0
100
2830,0
Муниципалдык менчиктеги имараттарды, курулмаларды ижарага алгандыгы үчүн төлөм
100
350,0
100
350,0
100
350,0
Таштанды чыгаргандыгы үчүн төлөм
100
402,0
100
402,0
100
402,0
Автоунаа токтоткондугу үчүн төлөм
100
1000,0
100
1000,0
100
1000,0
Юстиция органдары алуучу мамтөлөм
100
6500,0
100
7000,0
100
7000,0
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражат
100
28966,0
100
28966,0
100
28966,0
Айып пулдар, санкция конфискация
100
100
1800,0
100
1800,0
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
100
2000,0
100
2000,0
100
2000,0
Баардык кирешелер
219518,0
234532,0
253973,0
анын ичинде:
бюджеттик каражаттар
190552,0
205566,0
225007,0
атайын каражаттар
28966,0
28966,0
28966,0
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Р. Кадыркулова
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы
Н. Котко
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 4 тиркеме
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруунун эсебинен шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөрдүн тизмеси
(миң.сом)
№ к/э
Уюумдун жана мекеменин аталышы
Бардыгы
бер. 221549 "Ар кандай кызм. байланыштуу аркандай чыгым"
1
ММБ (КИК)
10000,0
10000,0
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Р. Кадыркулова
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы
Н. Котко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.