Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга милдеттери жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык Кеңешинин III чакырылышынын IX сессиясы
2013-жылдын 24-апрели №46/9-3 Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга милдеттери жөнүндө Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун “Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 2, 35, 46 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы – экономикасынын негизи жөнүндө” Мыйзамынын 2, 3, 7, 13 беренелерин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин көзөмөлдөө сандарын жетекчиликке алуу менен жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2013-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 282824,3 миң сом өлчөмүндө, 2014-жылга божомол – 298579,3 миң сом, 2015-жылга – 322519,3 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2013-2015-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы бекитилсин (тиркеме №3);
2. 2013-жылга категориялык град өлчөмүндө “Билим берүү” бөлүмү боюнча республикалык бюджеттен – 99559,3 миң сом жана 2014-2015-жылдарга божомол – 99559,3 миң сом (тиркеме№4);
3. Категориялык грандттарды биринчи ирет “Билим берүү” чыгаша бөлүмү боюнча артыкчылык багытында каржылоого жөнөтүлүүсү орнотулсун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №91 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин буйругуна ылайык, корголгон чыгаша беренелери боюнча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин каражаттын калдыгы коммуналдык тейлөөгө жөнөтүлсүн;
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгашанын үстүнөн ашыкча кирешенин эсебинен 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгаша бөлүмүнүн өзгөрүлгөн тизмеги бекитилсин (тиркеме №5);
5. 2013-жылдын жана 2014-2015-жылдарга божомолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, стипендия, калкка жеңилдетүүлөр) каржылоо орнотулсун;
6. Каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан:
- Токмок ш. боюнча МСКБнын берген маалыматына ылайык жана билим берүү мекемелери үчүн 13,2 млн.сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен кошумча категориялык грандтарды бөлүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен жергиликтүү бюджеттин 2013-жылга киреше бөлүгүнүн планын азайтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеликте республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн турак үйлөрү боюнча “Токмок Жылуулук” МИ субсидиялоо үчүн механизими иштелип чыксын;
- шаардын бюджеттик мекемелеринин 2012-жылдын кредитордук карызын жоюуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн;
7. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (МайтиковТ.К.), Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Орозбаев М.Т.) тарабынан:
- ай сайын салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча жыйноо планынын аткарылышы камсыздалсын;
- кыймылсыз мүлккө салык, айыл чарбалык эмес багыттагы жерлердин жер салыгын жана роялти боюнча жыйымдарды жогорулатуу боюнча чаралар көрүлсүн;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча иш күчөтүлсүн;
8. Токмок шаарынын каржы бөлүмү жана Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын тарабынан бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөрүүлөр киргизилсе, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда тактоо жүргүзүлсүн, шаардык Кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен.
9. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, Султан Ибраимовго айкел орнотууга 500,0 миң сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоого каражат каралсын.
10. Токмок ш. ОРБӨСМнин имаратынын капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн түрктү берүүчү (үлүштүк) грантына долбоорун ишке ашырууга кошо каржылоо үчүн жергиликтүү шаардын бюджетинен 639,8 миң сом өлчөмүндө каражат каралсын, анын ичинен:
-50 пайызы же 319 923 сом өлчөмүндө – акчалай түрүндө; -50 пайызы же 319 923 сом өлчөмүндө – материалдар жана эмгек күчү түрүндө.
11. Токмок ш. ММБ (Коммуналдык ишканалар комбинаты) боюнча мурун каралган чыгымдар сметасы кайра каралып жана шаарды ыңгайлаштырууга каражаттарды азайтуу менен 4000,0 миң сом өлчөмүндө каражат шаардын жолдорун оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жөнөтүлсүн.
12. Киреше бөлүгүн ашык аткарууда (профицит) жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын:
а) 2,0 миң сом өлчөмүндө коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөм аппаратардын кызматкерлерине: Билим берүү бөлүмүнүн 120,0 миң сом өлчөмүндө, Маданият бөлүмүнүн – 112,0 миң сом, Токмок ш. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын - 352,0 миң сом, бардыгы - 584,0 миң сом, анын ичинен: кызмат акы – 498,0 миң сом, Соцфонд төлөмдөрү – 86,0 миң сом.
б) Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына 7000,0 миң сом, анын ичинен:
- 3-кичи райондогу бала бакчанын оңдоо ишерин кошо каржылоого – 2000,0 миң сом;
- КИКнын 2012-жылдын кредитордук карыздарын жоюуга – 5000,0 миң сом;
13.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган, бюджеттик ишканалар шаардык каржы бөлүмүнө бюджет жана атайын каражаттар боюнча чыгаша сметасын жана штаттык түзүмүн сунуштоого милдеттенишсин.
14.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик ишканаларда коммуналдык кызмат боюнча (байланыш кызматы, сууга төлөм, электроэнергиясы, жылуулук энергиясы) ченем катуу кармалсын.
15. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 б. ылайык, шаардык бюджетти бекитүүдө, караганга мүмкүн эмес экономикалык, социалдык – маданий жана башкалар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, Токмок шаардык мэриясынын резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин түзүлсүн.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы
Р.Таманбаев
Токмок шаардык Кеңешинин Сессиясынын 2013-ж.
24 апрели №46/9-3 токтомуна №1 тиркеме
2013-жылга карата Токмок ш. жергиликтүү бюжетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жана 2016-2017 -жылдарга карата божомолу
жана 2014-2015 -жылдарга карата божомолу
(миң сом)
Элемент (8)
Аталыштары
2013 г.
Божомол
2014 г.
2015 г.
жалпы кирешелер
282824,3
298579,3
322 519,3
Атайын каражаттарсыз жалпы кирешелер
261824,3
277579,3
301 519,3
МСК кирешелер
152765,0
167720,0
190 560,0
11
салык кирешелери
147145,0
162100,0
184 940,0
11111100
салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы
44300,0
49875,0
56 625,0
11121100
чакан ишкердүүлүк субъек. үчүн бирдиктүү салык
2300,0
2650,0
3 000,0
11122100
милдеттүү патенттин негизинде салык
870,0
1020,0
1 200,0
11122200
ыктыярдуу патенттин негизинде салык
20200,0
21100,0
24 400,0
11311100
ишкердүүлүк үчүн колдонулбаган кыйм. мүлккө салык
193,0
193,0
193,0
11311200
ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык
9327,0
9727,0
11 327,0
113121
унаа каражаттарына салык
11000,0
12000,0
14 100,0
11321100
короо -бакча жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн салык
3260,0
3260,0
3 260,0
11321300
айыл -чарба эмес жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык
11240,0
12740,0
12 740,0
11412100
сатуудан түшкөн салык
42935,0
47935,0
56 295,0
11442
Роялти
1520,0
1600,0
1 800,0
14
салык эмес кирешелер
34120,0
34920,0
36 020,0
14151100
пайдалуу кендер же отун кендер чыккан жерлерди иштетүү үчүн төлөм
940,0
940,0
940,0
14152100
жерди ижарага алуу үчүн төлөмдөр
2830,0
2830,0
2 830,0
14153200
мун.менч. жайл., имарат., курул-дын ижара төлөмдөрү
350,0
350,0
350,0
14221700
таштандыларды ташып чыгуу үчүн төлөмдөр
300,0
300,0
300,0
14221800
унаалардын токтотмолору үчүн төлөмдөр
1200,0
1200,0
1 200,0
142222
юстиция органдары тараб. алынган мамалымдар
5800,0
6500,0
7 600,0
1423
акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүлөр (атайын каражаттар)
21000,0
21000,0
21 000,0
14311100
Административдик айыптар
1700,0
1800,0
1 800,0
3
Активдер жана милдеттер
2000,0
2000,0
2 000,0
13
Алынган расмий трансферлер
99559,3
99559,3
99 559,3
Токмок шаардык Кеңешинин
2013-жылдын "24" апрели
сессиясынын №46/9-3 токтомуна
№2 тиркеме
2013-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн
жана 2014-2015 жылдарга карата божомолунун долбоору
миң сом.
Бөлүк
Аталышы
2013-ж.
Божомол
2014-ж.
2015-ж.
701
Мамлекеттик кызматтар
бюджеттик каражаттар
20584,6
24858,3
27317,0
атайын каражаттар
150,0
150,0
150,0
702
Коргонуу
бюджеттик каражаттар
2742,3
2906,8
3153,9
703
Коомдук тартип
бюджеттик каражаттар
2865,2
3037,1
3295,3
атайын каражаттар
50,0
50,0
50,0
706
ТЖКЧ
бюджетик каражаттар
43431,4
48525,3
52871,0
707
Саламаттык сактоо
бюджеттик каражаттар
915,0
969,9
1052,3
708
Маданият
бюджеттик каражаттар
16923,1
17880,1
19178,9
атайын каражаттар
737,8
737,8
737,8
709
Билим берүү бөлүмү
бюджеттик каражаттар
161312,4
165568,5
179641,8
атайын каражаттар
20062,2
20062,2
20062,2
710
Социалдык өнүктүрүү
бюджеттик каражаттар
10222,3
10835,6
11756,6
Бардык каражаттар
282824,3
298579,3
322519,3
бюджеттик каражаттар
261824,3
277579,3
301519,3
атайын каражаттар
21000,0
21000,0
21000,0
Токмок шаардык Кеңешинин
2013-жылдын 24 апрели
сессиясынын №46/9-3
токтомуна №3 тиркеме
Токмок ш. 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн жана 2014-2015ж.ж. божомолунун
долбоорун жөнгө салуу планы
(миң сом)
Кирешелер
2013-жыл
Божомол
2014-жыл
2015 -жыл
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен
%
сумма
%
сумма
%
сумма
1.Жөнгө салынуучу кирешелер
112125,0
124180,0
143320,0
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
50
44300,0
50
49875,0
50
56625,0
Чакан ишкерд суб.үчүн бирдиктүү салык
100
2300,0
100
2650,0
100
3000,0
Милдеттүү патент негизиндеги салык
100
870,0
50
1020,0
50
1200,0
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык
100
20200,0
100
21100,0
100
24400,0
Сатуудан түшүүчү салык
50
42935,0
50
47935,0
50
56295,0
Роялти
50
1520,0
50
1600,0
50
1800,0
2.Бекитилген кирешелер
71140,0
74840,0
79640,0
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
100
193,0
100
193,0
100
193,0
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык
100
9327,0
100
9727,0
100
11327,0
Унаа каражаттарына салык
100
11000,0
100
12000,0
100
14100,0
Жеке жактардан алынуучу жер салыгы
100
3260,0
100
3260,0
100
3260,0
Юридикалык жактардан алынуучу жер салыгы
100
11240,0
100
12740,0
100
12740,0
Пайдалуу кендер же лтун кндер чыккан жерлерди иштетүү үчүн төлөм
100
940,0
100
940,0
100
940,0
Жерлерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм
100
2830,0
100
2830,0
100
2830,0
Муниципалдык менчиктеги имараттарды, курулмаларды ижарага алгандыгы үчүн төлөм
100
350,0
100
350,0
100
350,0
Таштанды чыгаргандыгы үчүн төлөм
100
300,0
100
300,0
100
300,0
Автоунаа токтоткондугу үчүн төлөм
100
1200,0
100
1200,0
100
1200,0
Юстиция органдары алуучу мамтөлөм
100
5800,0
100
6500,0
100
7600,0
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражат
100
21000,0
100
21000,0
100
21000,0
Айып пулдар, санкция конфискация
100
1700,0
100
1800,0
100
1800,0
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
100
2000,0
100
2000,0
100
2000,0
3. Категориалдуу гранттар
100
99559,3
100
99559,3
100
99559,3
Баардык кирешелер
282824,3
298579,3
322519,3
анын ичинде:
бюджеттик каражаттар
261824,3
277579,3
301519,3
атайын каражаттар
21000,0
21000,0
21000,0
Токмок шаардык Кеңешинин
2013-жылдын 24 апрели
сессиясынын №46/9-3
токтомуна №4 тиркеме
2013-ж. карата республикалык бюджеттен алынуучу
категориалдык гранттар жана 2014-2015ж.ж.
«Билим берүү» бөлүмү боюнча божомол
(миң.сом)
№ к/э
Уюумдун аталышы
2013-ж
Божомол
2014-ж.
2015-ж.
1
Шаардык билим берүү бөлүмү
85726,2
85726,2
85726,2
2
Олимпиадалык резервтеги мектеп
4958,0
4958,0
4958,0
3
Медициналык колледж
6596,3
6596,3
6596,3
4
"Бейкут - үйү " үй бүлөлүк үйү
659,2
659,2
659,2
5
Балдардын музыкалык мектеби
1619,6
1619,6
1619,6
Жыйынтыгы
99559,3
99559,3
99559,3
Токмок шаардык Кеңешинин
2013-жылдын 24 апрели
сессиясынын №46/9-3
токтомуна №5 тиркеме
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-ж. 18-декабырынын №836 токтомуна ылайык бюджеттик ассигнованиелерди
жылдыруунун эсебинен шаардык жергиликтүү бюджетинин
чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөрдүн тизмеси
Бөлүк
Аталышы
Бардыгы
"Айлык акы"
"Соц.фонд чегерүлөр"
статья
2111
2121
Бюджеттик ассигнованиелердин Көбөйтүлсүн
701
"Жалпы дайындоодогу мамлекеттик кызматтар"
3574,0
3188,1
385,9
704
"Экономикалык маселелер"
106,0
90,4
15,6
706
"ТЖЧБ"
196,3
167,5
28,8
708
"Эс алуу, маданият , дин"
339,3
292,9
46,4
Жыйынтыгы
4215,6
3738,9
476,7
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 836 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 836
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 19 - мартындагы №91"Билим берүүнү каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерге категориялык грантты аныктоо методикасын жана формуласын…Постановление · 19.03.2008 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон