6-берене. Өзгөчө бажы режими
Күчүндө · 11.01.2014 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 81
Эркин экономикалык зоналарда өзгөчө бажы режими колдонулат, ага эркин экономикалык зоналарга алып келинген товарларга, же реэкспорт үчүн арналган товарларга бажы алымдарын жокко чыгаруу, ошондой эле чек ара аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүп турушу, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу кирет. Эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамына ылайык колдонулат.
Эркин экономикалык зоналардын аймактарында чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймактарына эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салык салынат. Бул режимди камсыз кылуу үчүн эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип, бул зоналардагы бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн түзөт. Эркин экономикалык зоналардын аймагы аркылуу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды транзиттөө кандайдыр бир бажылык жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78 , 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 декабря 2001 года №109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 сентября 2000 года №78 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- 609Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/840/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>