Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 января 2014 года № 6 "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-01-11.
КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 20-сентябры № 78
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл, N 3, 90-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. "Эркин экономикалык зоналардын түшүнүгү, максаттары жана турлөрү" деген 1-статья төмөнкү мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Эркин экономикалык зоналардын субъекттерине Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналардын аймагында эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген юридикалык жактарга жана адамдарга күйүүчү-майлоочу материалдарды, ликер-арактарды жана тамекилерди сатууга тыюу салынат.".
2. "Өзгөчө бажы режими" деген 6-статьяда:
биринчи бөлүктө: "эркин экономикалык зоналарда өндүрүлгөн товарларды алып чыгууга жана" деген сөздөр алып салынсын; бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: "Эркин экономикалык зоналарда кайра иштетүүнүн деңгээлине, бүтүмдүн өлчөмүнө жана сатып алуучуга карабастан Кыргыз Республикасынын аймагына эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан алынып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акциз салыгы, кошумча нарк салыгы салынат. Эркин экономикалык зоналардын аймагында өндүрүлбөгөн жана эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы пошлиналары салынат.".
3. "Эркин экономикалык зоналардагы чарбалык жана тышкы экономикалык иштер жагындагы жеңилдиктер" деген 8-статьяда:
биринчи жана үчүнчү бөлүктөр "Чарбалык" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын ички рыногуна керектөө үчүн кызматтарды көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин албаганда," деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын ички рыногуна керектөө үчүн эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча нарк салыгы салынат. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарында ар кандай адамдар тарабынан сатып алынуучу кызматтар Кыргыз Республикасынын ички рыногуна керектөө үчүн кызматтар болуп саналат. Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалдоо боюнча иштеген адамдардан киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу акылары Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.".
4. "Эркин экономикалык зоналардын ишин финансылоо" деген 10 - статьяда:
биринчи бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эркин экономикалык зоналардын бюджети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат."; үчүнчү бөлүктөгү "Экономика жана" деген сөздөр алып салынсын.
5. "Эркин экономикалык зоналарда жеңилдиктердин колдонулуу мөөнөтү" деген 12-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эркин экономикалык зоналарда жеңилдиктердин колдонулушунун башкача шарттары эркин экономикалык зоналардын субъекттери республиканын ички дүң продуктунун 10 процентинин өлчөмүндөгү товар өндүрүүнүн жалпы көлөмүнө жетишкенде кайра каралышы мүмкүн.".
6. "Эркин экономикалык зоналардагы чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканаларды каттоо" деген 15-статьянын экинчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Мамкоминвестине" деген сөздөрдөн кийин, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан каралган бажы жана салык жеңилдиктери эркин экономикалык зоналарда ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин катталган эркин экономикалык зоналардын субъекттери үчүн алар алгачкы катталган учурда каралган ишке жана товарлар менен кызматтарга карата гана колдонулат.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
2000-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 16.12.1992 · № 1076-XII
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 250-VI "Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2016 · № 250-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3209-V "2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.06.2013 · № 3209-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 24-январындагы №2718-V "2000-жылдын 20-сентябрындагы №78 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.01.2013 · № 2718-V
- Положение о порядке взимания налога на добавленную стоимость, акцизного налога, таможенной пошлины и таможенных сборов с товаров, вывозимых с территории свободной экономической…Положение · 15.12.2000 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 сентября 2001 года №541 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 31 июля 2000 года N 469 "О…Постановление · 06.09.2001 · № 541 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Порядок перемещения товаров и транспортных средств на территорию (с территории) особых экономических зон Кыргызской Республики ( Утвержден приказом Министерства финансов…Порядок · 15.02.2005 · № 40 · Күчүн жоготкон