Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «»Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 января 2014 года № 6 "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-01-11.
КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 7-июлу № 81
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде кайра иштетилген продуктыларга карата биринчи төрт белгинин кайсынысынын болсо да деңгээлинде тышкы экономикалык ишмердиктин Товардык номенклатурасы боюнча кайра иштетүүнүн натыйжасында товардын классификациялык кодунда өзгөрүү болсо, эркин экономикалык зоналарда өндүрүлгөн товарларды эркин экономикалык зоналардын субъектилерине Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатууга уруксат берилет."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6 бөлүктөр менен толукталсын: "Эркин экономикалык зоналардын субъекттери ушул беренеде белгиленген ченемди бузгандыгы аныкталса, эркин экономикалык зоналардын дирекциясы аларды ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыратат. ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыраган юридикалык жакка андан ары Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зонасынын аймагында катталууга жол берилбейт. Мындан тышкары, ушул көрсөтүлгөн беренедеги ченемдерди бузуп сатылган товарларга чыгарылган өлкөсү боюнча бажы алымдарынын ставкасы колдонулат.".
3. 2-статьяда төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы ЭЭЗдин аймагын тосмолоону камсыз кылат же ЭЭЗдин субъектилеринин бажы контролу үчүн башка шарттарды түзөт. Тосмолоонун же бажы контролунун ылайык келүү шарттары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органдары тарабынан тастыкталат. Эгер көрсөтүлгөн шарттар тастыкталбаса, ЭЭЗдин субъектилерине жалпы салык режими коддонулат. Эркин экономикалык зонанын тосулган аймагына мейманкана тибиндеги турак-жай фондунан башка турак-жай фондунун объектилерин жайгаштырууга жол берилбейт. ЭЭЗдин тосмолонгон аймагынын ичине имараттарды жана курулмаларды жана алардын субзоналарын курууда ташып келинген материалдар бардык салык төлөмдөрүнөн бошотулат.".
4. 6-статьянын 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "адамдар жана" деген сөздөр алып салынсын.
6. 10-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ЭЭЗдин башкы дирекциясы" деген сөздөр алып салынсын.
8. 12-статьянын 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик салык органы жана мамлекеттик бажы органы тарабынан" деген сөздөр "бажы жана салык органдары тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эркин экономикалык зонанын Башкы директору (директор) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келишимдик шарттарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Башкы директордун орун басары ЭЭЗдин Башкы директору тарабынан дайындалат.".
10. 15-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭЭЗдин башкы дирекциясы ЭЭЗге субъект катары катталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине билдирүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тогуз айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 30 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (30)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 16.12.1992 · № 1076-XII
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 6 марта 1996 года П №254-1 "О включении дополнительных вопросов в повестку дня пятой сессии Собрания народных представителей Жогорку Кенеша…Постановление · 06.03.1996 · № 254
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 29-январындагы № 917-IV "2009-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2009 · № 917-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 540-VI "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 18.05.2016 · № 540-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 563-V "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 09.06.2011 · № 563-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 564-V "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 09.06.2011 · № 564-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 4456-V "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 13.11.2014 · № 4456-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4493-V «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 27.11.2014 · № 4493-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5446-V "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 29.06.2015 · № 5446-V
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4360-V "«Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрз үүлордү жана…Постановление · 08.10.2014 · № 4360-V
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 20 ноября 2001 года П N 344-II-7 "Об одобрении Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской…Постановление · 20.11.2001 · № 344-II-7
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 20 ноября 2001 года П N 345-II-7 "О поручениях Правительству Кыргызской Республики по исполнению Закона Кыргызской Республики "О внесении…Постановление · 20.11.2001 · № 345-II-7
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 6 марта 1996 года П №265-1 "Об одобрении Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 06.03.1996 · № 265
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 19 ноября 2001 года З №504-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 19.11.2001 · № 504
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 13 марта 1998 года З №1013-I "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 13.03.1998 · № 1013
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 30 июня 2000 года З № 121-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 30.06.2000 · № 121
- Порядок перемещения товаров и транспортных средств на территорию (с территории) особых экономических зон Кыргызской Республики ( Утвержден приказом Министерства финансов…Порядок · 15.02.2005 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу…Постановление · 31.07.2013 · № 434 · Күчүн жоготкон
30 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон