15-берене. Эркин экономикалык зоналардагы чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканаларды каттоо
Күчүндө · 11.01.2014 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 81
Эркин экономикалык зонадагы мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканалар, ошондой эле эркин экономикалык зонанын аймагынан тышкары жайгашкан ишканалардын эркин экономикалык зонада мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан филиалдары, бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан катталууга тийиш. Чет өлкөлүк инвестициясы бар чарба жүргүзүүчү субъектилерди каттоонун тартиби эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан белгиленет. ЭЭЗдин башкы дирекциясы ЭЭЗге субъект катары катталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине билдирүүгө милдеттүү. Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясына чекене соода жүргүзгөн жана ички рынокто ар кандай кызматтарды көрсөткөн чарба жүргүзүүчү субъектилерди эркин экономикалык зонанын субъектилери катары каттоого тыюу салынат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Берененин тексти 11.01.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 декабря 2001 года №109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 сентября 2000 года №78 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- 609Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/840/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>