10-берене. Эркин экономикалык зоналардын ишин финансылоо
Күчүндө · 11.01.2014 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 81
Эркин экономикалык зонанын иш жүргүзүшүн камсыз кылуу максатында зонанын бюджети түзүлөт, зонанын бюджетинин кирешесине зонанын администрациясынын карамагында болгон жерди, имараттарды жана курулуштарды ижарага берүүдөн келип түшкөн, алар тарабынан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн, зонанын заемдорун чыгаруудан келип түшкөн акчалар, ошондой эле приватташтыруу процессинде алынган каражаттардын бир бөлүгү чегерилет. Эркин экономикалык зоналардын бюджети Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат. Эркин экономикалык зоналардын инфраструктурасын жагымдуу абалга келтирүүнү финансылоо республикалык бюджеттин бөлүнгөн каражаттардын эсебинен (бюджеттик насыя берүү түрүндө да, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын артыкчылык берилүүчү объектилерин түзүүнү түздөн-түз инвестициялоо катарында да), ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана зоналардын иш-аракетинен түшкөн кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырылат. Республикалык бюджеттин каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган шарттарда жүзөгө ашырылат. Бюджеттик насыялар алынган учурда эркин экономикалык зоналардын аймагындагы бардык салык төлөөлөр жана алардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган тартипте жана белгилүү бир мезгилдин аралыгында эркин экономикалык зоналардын бюджетине түшөт. Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында өзү жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясынын бюджетинен 0,01 пайыз чегерүүлөрдү пропорциялуу жүргүзөт. (КР 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 199, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2006 года № 199 " О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О свободных экономических зонах в Республике Кыргызстан»"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 сентября 2000 года №78 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/840/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>