Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 211 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 7-декабрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.Конурбаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
А.Бекматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Жумгал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №10/1 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2018 · № 10/1
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 218 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл…Постановление · 11.12.2018 · № 2018
- Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 11.06.2021 · № 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон