Жумгал айылдык кеңешинин «Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 07-декабры №10/1 Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренсинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 211 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳткнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 7-декабрь күнү белгиленген. Жумгал айылдык Кенешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча,шайлоого айылдык кенештин 11 депутатынан1(бир)депутат Емильбеков Мирлан Емильбекович жүйѳѳлү себептери менен шайлоого катыша албай калды.Ошондуктан шайлоого жалпы 10(он) депутат катышты. Талапкерлердин алган добуштары тѳмѳндѳгүдѳй болду Орозалиев мурсабек Кариевич – 2 добуш Исаков Майрамбек Мусаевич – 7 добуш Турсунов Улан Жалилович - 1 добуш Шайлоонун жыйынтыгы менен Исаков Майрамбек Мусаевич- 7 добушка ээ болду Баардык талапкерге каршы-жок Жараксыз бюллетень-жок Жогорудагы шайлоонун жыйынтыгынын жүрүшүн карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исаков Майрамбек Мусаевич Жумгал АШК нын жыйынтык пртоколуна ылайык 7 добуш алгандыгы белгиленсин.
2. Шайлоо иыйзам чегинде ачык айкын ѳттү деп табылсын.
3. Бул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жана тиешелүү жерге маалымат берүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.
Тѳрага
Т.Айтбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 211 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол…Постановление · 23.11.2018 · № 211
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон