Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-декабры № 218 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 токтому менен 2018-жылдын 30-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 211 токтому менен 2018-жылдын 7-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ак-Талаа, Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 30-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 7-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Исаков Майрамбек Мусаевич табылсын.
3. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 7-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамбеткеримов Акылбек Токтошович табылсын.
4. Ак-Талаа, Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл…Постановление · 13.11.2018 · № 205
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 211 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол…Постановление · 23.11.2018 · № 211
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон