Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-06.
КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 22-майы № 53 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 12-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "теле көрсөтүү жана радио уктуруу" деген сөздөр "телерадиоканалдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө "телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү" деген сөздөр "телерадио берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
3) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет. Массалык маалымат каражаттарын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".
4) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-статья.
1. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 2353-VI "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 12.04.2018 · № 2353-VI