Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-марты № 48 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Шайлоо комиссиялардын резервдерин түзүү жана жүргүзүү тартибин жөнгө салган "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө", "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" Жоболордун ченемдерин тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 19-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү шарттары жана тартиби" экинчи главасы төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"Тиешелүү шайлоо комиссияларынын резервине шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар киргизилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн адамдардын маалымат базасын, анын ичинен аймактык шайлоо комиссиялардын сунуштамалары боюнча жүргүзөт". Терс негиз катары төмөнкүлөрдү түшүнүүгө зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын шайлоо, административдик жана жазык мыйзамдарын бузуу;
2) жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу;
3) "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин бузуу;
4) жалпы кабыл алынган моралдын жана этиканын ченемдерин бузуу;
5) "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобонун IV бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык таркатылган комиссиядагы мүчөлүгү";
2) "Шайлоо комиссияларынын резервине катышуучулардын кесиптик жана инсандык сапаттарынын көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу тизмеги" № 1 тиркемеси төмөнкү мазмундагы 12, 13-бөлүктөр менен толукталсын:
12. "Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиясында иштөө тажрыйбасы (жактырылат);
13. Жогорку, орто атайын билими бар болушу (жактырылат)".
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Шайлоо комиссияларын түзүү шарттары жана тартиби" экинчи главасы төмөнкү мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамынан терс негиздер боюнча жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан чыгарылган адамдар тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылган болуп эсептелет".
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 22.02.2019 · № 84
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү…Постановление · 06.12.2019 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы № 84 токтомуПостановление · 22.02.2019 · № 84
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-июнундагы №92 "Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 28.06.2019 · № 92
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 13-сентябрындагы №134 "Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 13.09.2019 · № 134
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 28-ноябрындагы №169 "Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 28.11.2019 · № 169