Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 „Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-майы № 326 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 "Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр менен макулдашуу боюнча министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн белгиленген штаттык сандын чегинде бекитүүгө жана өзгөртүүгө укук берилсин.";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин башкаруу схемасында:
министрликтин алдындагы ведомстволук органдардын тизмеси "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы" деген позиция менен толукталсын; чарбакер субъекттердин тизмесинен "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" деген позиция алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жөнүндө жобонун V бөлүмүнүн 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр менен макулдашуу боюнча министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет жана өзгөртөт;".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2007 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 - мартындагы №86 токтому менен…Положение · 26.03.2007 · № 86
- КР Өкмөтүнү 2009-жылдын 26-ноябрындагы №721 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 721 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2007 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 " Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө"токтомПостановление · 07.07.2008 · № 366 · Күчүн жоготкон