Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө»токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-07-07.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 7-июлу № 366
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну
реформалоо боюнча чаралар жөнүндө
Турак жай-коммуналдык чарба тармактарын мамлекеттик башкаруунун
натыйжалуулугун жогорулатуу жана уюштуруу-укуктук формаларын Кыргыз
Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз турак жай коммуналдык чарба ишканаларынын, уюмдарынын,
бирикмелеринин жана ассоциацияларынын мамлекеттик бирлиги (Кыргызтурак-
жайкоммунсоюз) "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына
өзгөртүлүп кайра түзүлсүн.
2. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Респуб-
ликасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин ка-
рамагына өткөрүлүп берилсин.
3. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,
администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-
дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды
түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр жай,
энергетика жана отун ресурстары министринин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министри тарабынан, директордун орун басарлары -
директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика
жана отун ресурстары министри тарабынан кызматка дайындала тургандыгы
белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик
ишканасынын мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзсүн жана аны андан ары пай-
далануу боюнча сунуш киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"
мамлекеттик ишканасынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана белгилен-
ген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алган чечимдерин
ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы №326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары…Постановление · 29.05.2009 · № 326
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 " Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы…Постановление · 02.09.2008 · № 493 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9