Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 - мартындагы №86 токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 25 - мартындагы №86
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539,2009-жылдын 29-майындагы №326
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министрлиги (мындан ары - Министрлик) өнөр жай жана отун-
энергетикалык комплекс тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп
чыгууну жана аны жүргүзүүнү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук
органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой зле эл
аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз
Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз
Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана
ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишмердигин аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий
жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана
мамлекеттик, расмий жана англис тилинде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү,
казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар жана
жарандык-укуктук мамилелерде өзүнүн атынан чыгууга укуктуу, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-
укуктук мамилелерде тарап катары чыгуу укугуна ээ.
5. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана
ведомстволук караштуу уюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоо
республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
II. Министрликтин милдеттери
5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында бирдиктүү
мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны башка министрликтер жана
ведомстволор менен бирдикте ишке ашыруу, ошондой эле өнөр жайды жана
отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында
аны ишке ашыруунун усулдарын жана формаларын өркүндөтүү;
- өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарынын туруктуу өнүгүшү
үчүн тышкы рынокто импортту алмаштыруучу жана атаандаша алгыдай
продукцияны өндүрүп чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү экономикалык рычагды
иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- республиканын рыноктук механизмин, алдыњкы менеджментин жана
болгон отун-энергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануунун
эсебинен энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана өндүрүштү
өнүктүрүү, электр жана жылуулук энергиясын берүү жана сатуу;
- ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда менчигинин түрүнө
карабастан электр жана жылуулук энергиясын, газды сарамжалдуу жана
натыйжалуу пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу,
берүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу менен байланышкан энергия менен
жабдуучу уюмдарга, алардын менчигинин түрүнө карабастан, кызмат
адамдарына жана пайдалануучуларга, алардын Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларын, газ, электр жана жылуулук энергиясын
пайдалануу боюнча, ошондой эле энергия жабдууларын коопсуз пайдалануу
боюнча эрежелердин талаптарын сакташына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекс тармагында жагымдуу
инвестициялык чөйрөнү камсыз кылуу, өнөр жай ишканаларынын жана отун-
энергетика комплексинин инвестициялык кызыктыруучулугун жогорулатуу,
өнөр жайды жана отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү үчүн тикелей
инвестицияларды тартуунун натыйжалуу системасын түзүү.
III. Министрликтин функциялары
6. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө төмөндөгү функцияларды
ишке ашырат:
6.1. Тармактык саясаттын функциялары:
- өнөр жайдын жана отун-энергетикалык комплекстин экономикалык
абалына талдоо жүргүзөт жана аларда түзүмдүк кайра уюштурууларды
жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- өнөр жай жана отун-энергетикалык сектордун финансылык-
экономикалык абалына талдоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасын
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү комплекстик болжолдоого карата
тиешелүү материалдарды иштеп чыгат;
- төйлөнүүчү чарбакер субъекттер менен бирдикте бюджет, салык жана
бажы мыйзамдары, ошондой эле бажы-тарифтик саясат боюнча сунуштарды
киргизет;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын негиздөөгө жана
башка мүлк мамилелери, менчиктештирүү процесси, мамлекеттик мүлктү
башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелерин жөнгө салган ченемдик-
укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жайлык жана отун-энергетикалык
потенциалын өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды
иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- өнөр жайда жана отун-энергетикалык комплексте инновациялык
ишмердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- экономиканын чарбакер субъекттеринин өнөр жай, илимий-техникалык
жана инновациялык ишмердигин мамлекеттик колдоого алуунун механизмин
түзөт жана ишке ашырат;
- өнөр жай тармактарын, отун энергетикалык комплексти жана айрым
ишканаларды өнүктүрүү жана реструктуралаштыруу программаларын,
амортизациялык саясат жана аны ишке ашырууга карата саясат боюнча
сунуштарды ишкердик субьектери менен бирдикте иштеп чыгат жана ишке
ашырат;
- аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүп чыгаруу жана аны
сатууну камсыз кылуу боюнча чет мамлекеттер менен Кыргыз
Республикасынын өнөр жайлык жана аскердик-техникалык кызматташтык
тармагында мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ички муктаждыкты жана экспортту курал-жарак жана аскердик
техника менен камсыз кылуу максатында аскердик продукцияны өндүрүү
бөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык
мамилелерди жана коргоо багытындагы ишканаларды өнүктүрүүнүн
конверсиялык программасын иштеп чыгууга жана анын ишке ашырууга жооп
берет;
- ишканалардын кудуретсиздиги жана жакшыртуу маселелери боюнча
мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга башка тиешелүү министрликтер жана
ведомстволор менен бирге катышат;
- менчиктештирилүүчү жана мамлекеттен ажыратылуучу өнөр жайлык
жана отун-энергетикалык комплекстин мамлекеттик ишканаларыньш мүлкүнүн
наркын баалоо экспертизасын жүргүзүүгө башка тиешелүү министрликтер
жана ведомстволор менен бирге катышат;
- «РЕSАС» программасынын чегинде ишканалардын кудуретсиздик жол-
жоболорун аяктоо боюнча иш жүргүзөт;
- экспорттук көзөмөл жана лицензиялоо тармагында чараларды жүзөгө
ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мобилизациялык даярдык
боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- энергетикалык сектордо квазифискалдык тартыштыктын белгиленген
максаттуу көрсөткүчтөрүнө мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- электр энергиясын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуунун
механизмин иштеп чыгат;
- өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында техникалык
регламенттерди иштеп чыгат жана макулдашат;
- энергетикалык ресурстардын керектөөчүлөрүнө тейлөө кызматын
көрсөтүүгө жана анын сапатын жогорулатуу стандарттарын жана ченемдик
документтерди, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке
киргизүүнү камсыздоону макулдашат;
- өзүнүн укуктарынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык
уюмдар менен кызматташат;
- өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында эл аралык
жана ата мекендик ассоциациялар менен байланышат жана иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы
аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Биргелешкен комиссиянын ишине
катышат;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмунун аскердик-
экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын
ишине катышат;
- ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө башка функцияларды ишке
ашырат, эгерде мындай функциялар Кыргыз Республикасынын Президентинин
же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарында, ченемдик укуктук
актыларында каралса;
- техникалык, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздуктун эл аралык
стандарттарына ылайык уран сыръесун казып алуу жана кайра иштетүү
жаатында Министрлик менен Атом энергетикасы боюнча эл аралык
агенттиктин (мындан ары - АЭЭА) ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү,
ошондой эле ушул тармакка техникалык долбоорлорду тартуу боюнча
сунуштарды даярдайт.
6.2. Координация жана контролдоо функциялары:
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплексти комплексттүү өнүктүрүү,
жањы индустрияны түзүү жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик сая-
сатты ишке ашырууну координациялайт;
- мамлекеттик өнөр жайлык жана отун-энергетикалык саясатты түзүү
боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин тармактар аралык жана региондор
аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
- отун-энергетикалык комплекс тармагындагы мыйзамдардын сакталышы-
на мамлекеттик контроль жүргүзөт;
- өнөр жай жана энергетика системасынын түзүмүн жакшыртуучу чара-
ларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана энергетикалык ишканалар-
дын кызыкчылыктарын башка өлкөлөрдө илгерилетүүгө көмөктөшөт;
- республиканын энергетика тармагына келип түшкөн техникалык жар-
дамдарды башка мамлекеттик органдар менен бирдикте координациялайт;
- республиканын өнөр жайына жана отун-энергетикалык комплексине
инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча
кызыкчылыгы бар мамлекеттик башкаруу органдары менен бирдикте сүйлөшүү-
лөрдү уюштурат;
- акцияларынын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун дирек-
торлор кењешинин жана башкармалыктарынын аткаруу органдарынын курамын
белгиленген тартипте түзүү үчүн кыйла даяр кадрларды тандайт жана алар-
ды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-
тик комитетине сунуштайт;
- отун-энергетикалык комплекстин табигый монополия субъекттери ме-
нен алардын кызматынан пайдалануучулардын ортосундагы келишимдердин
шарттарынын аткарылышын контролдойт;
- электр жана жылуулук энергияларын пайдалануучулардын түрдүү ка-
тегорияларынын жана топторунун ортосундагы субсидиялоону контролдойт
жана аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- энергетикалык сектордогу техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн
жана квазифискалдык тартыштыктын белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрүнүн
аткарылышын контролдойт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539
токтомунун редакциясына ылайык)
6.3. Жөнгө салуу функциялары:
- электр, жылуулук энергияларын жана жаратылыш газын өндүрүү, бе-
рүү, бөлүштүрүү жана сатуу укугуна, көмүр кендерин иштетүү, мунайды жа-
на жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча ишкердикке;
- аскердик багыттагы, кош багыттагы продукцияларга, ядролук мате-
риалдарга, кымбат баалуу материалдарга жана сырьелорго, түстүү металл-
дардын сыныктарына жана калдыктарына экспорттук-импорттук лицензияларды
берет;
- электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди
иштеп чыгат жана бекитет;
- жаратылыш газын сарптоо нормаларын жана Кыргыз Республикасында
жаратылыш газын пайдалануу эрежелерин бекитет;
- энергия менен жабдууга типтүү контракттарды, бөлүштүрүүчү уюм-
дардын жана керектөөчүлөрдүн регламенттөөчү укуктарын жана милдеттерин,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
электр энергиясы менен газ рыногунун катышуучуларынын ортосундагы конт-
ракттарды иштеп чыгат жана бекитет;
- энергетикалык рыноктун контракттарын каттоочуларын алардын ро-
лун, ыйгарым укуктарын жана милдеттеринин чөйрөсүн аныктоо менен дайын-
дайт;
- ведомстволук караштуу мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга
юридикалык жакты түзгөн уюштуруучулар катары чыгууга жана алардын уюш-
туруучулардын курамынан чыгышына макулдук берет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539
токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Кызмат көрсөтүү жана колдоо функциялары:
Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтык-
консультациялык көмөк берүү менен мамлекеттик органдарды, өнөр жайдын
чарбакер субьекттерин жана отун-энергетикалык комплексти камсыз кылат;
- илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдарды
өткөрөт;
- бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергияларын жана
жаратылыш газын пайдалануунун лимиттерин иштеп чыгууга катышат;
- белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын
кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;
- өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары ишканаларына колдоо
көрсөтөт;
- кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, окутуу жана андан ары
кызматка көтөрүү боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жүргүзөт;
- уставдык функциялардын аткарылышын программалык, маалыматтык,
финансылык камсыздоону, документтерди юридикалык экспертизадан
өткөрүүнү жана аларды коштоону, соттордо Министрликтин таламдарын
көрсөтүүнү ишке ашырат;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы
маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык Министрликтин карамагындагы маалыматтарды сураган адамдарды
маалымат менен камсыз кылат.
IV. Министрликтин укуктары
7. Министрлик белгиленген ишмердик чөйрөсүндө функцияларды ишке
ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин ишмердиги жаатында мамлекеттик саясаттын негизги
багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды
киргизүүгө;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана
Министрликтин ишмердик маселелерине карата ченемдик укуктук базаны
өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар
менен түзгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча сунуштарды
киргизүүгө;
- эки тараптуу же көп жактуу макулдашууларга жана келишимдерге,
ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жана
келишимдерге белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан кол
коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат
адамдарынан жана жарандардан Министрликтин ишмердиги чөйрөсүнө
тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө координациялык жана кењеш
берүүчү органдарды (кењештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде
ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- өнөр жай жана энергетика маселелери боюнча Кыргыз
Республикасында жана чет мамлекеттерде эл аралык институттардын,
эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын,
конференциялардын, кењешмелердин ишине материалдарды даярдоого жана
катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик
ишканалардын аткарышы милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча ченемдик
укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде бекитүүгө;
- мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Министрликтин
компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын
атынан чыгууга;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө,
башка өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар жана
юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларга
кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен өз ара
кызматташуу жөнүндө макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду
түзүүгө;
- Министрликтин компетенциясына тиешелүү ишмердик чөйрөсүндө
мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана
мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле өз ара
пайдалуулук негизде Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз ара
аракеттенүүгө жана кызматташууга, Министрликтин ишмердигинин жаатында
башка өлкөлөрдүн жетишкендиктерин жана тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана
практикада пайдаланууга;
- инвестициялык долбоорлорду даярдоодо, ишке ашырууда жана
илгерилетүүдө инвесторлорго жардам көрсөтүүгө;
- республиканын өнөр жайлык жана энергетакалык өнүгүшү менен
байланышкан долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын
министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык
мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын,
илимий - изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, айрым
окумуштууларды жана адис - практиктерди тартууга, өнөр жайдын жана
отун - энергетикалык комплекстин негизги проблемалары боюнча
сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссияларды (топторду) жана
убактылуу чыгармачыл топторду түзүүгө;
- борбордук жана аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын
адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди экспертизаларды
жана консультацияларды жүргүзүү үчүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген ыйгарым укуктун
чегинде ишканаларды реструктуралаштыруу жана кайра уюштуруу, алардын
банкроттугу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө;
- мыйзамдардын чегинде акы төлөнүүчү консультацияларды,
информациялык-маалымдама жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууну уюштуруу боюнча
чечимдерди кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоого;
- Министрликтин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча аткаруу
бийлигинин мамлекеттик органдарынын коллегияларынынш ишине катышууга;
- Министрликтин кызматкелерин кесиптик даярдыктан өткөрүүнү,
аларды кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана
стажировкага жиберүүнү уюштурууга.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка
дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министри башкарат.
9. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана
ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө
ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
10. Министрликте статс-катчынын, ошондой эле министрдин эки орун
басарынын жогорку административдик мамлекеттик кызматы түзүлгөн.
11. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамындарында белгиленген тартипте
министрдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын
функциялары жана ыйгарым укугу Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш
тарабынан бекитилген мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндөгү жобо
менен аныкталат. Статс-катчыга министр тарабынан башка функциялар жана
ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн.
12. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу менен Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана
бошотулат.
13. Министрдин укуктары:
- Министрликтин ишмердигине, анын коллегиясына, борбордук
аппаратка, ага караштуу органдарга жалпы жетекчилик кылат жана
Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын милдеттерин
бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр менен
макулдашуу боюнча министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн белгилен- ген штаттык сандын чегинде бекитет жана өзгөртөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынынын түзүмдүк
подразделениелеринин жоболорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун
басарларына дайындоого талапкерлерди сунуштайт;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана бошотууга макулдугун
берет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлык жана тартип жазаларын колдонот;
- ведомстволук караштуу органдардын жетекчилерин белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликке ведомстволук караштуу органдардын жобосун, түзүмүн
жана штаттык тизмесин бекитет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер сөзсүз түрдө аткара
турган буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин мүлктөрүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана тапшырмасы боюнча
эки таратуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өзүнүн
ыйгарым укугунун чегинде дагы башка функцияларды аткарат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарына
ылайык статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтеги мамлекеттик кызматты өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- Министрликтин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык
чиндерин ыйгарат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак
наамдарды ыйгарууга жана Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сињиргендиги үчүн пенсия чектөөгө көрсөтөт;
- Министрликке ведомстволук караштуу органдарга тапшырма берет
жана алардын аткарылышын контролдойт;
- кызматы боюнча Министрликтин жарандык коргоосунуы начальниги
болуп эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууну жетектөөнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка укуктарга
да ээ.
14. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр тарабынан
алардын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдыларынча чечим кабыл алышат, иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурушат.
15. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт: анын курамына
министр (төрага), статс-катчы, министрдин орун басарлары кызматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле башка уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кирет.
16. Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы министрдин
сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
17. Министрликтин коллегиясы Министрликке жүктөлгөн милдеттеринин
жана функцияларынын чегиндеги маселелерди пландайт жана өзүнүн заседаниелеринде карайт, өзүнүн чечимдерин токтомдор түрүндө ишке ашырат. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгерде добуш берүү тењме-тењ болуп калса төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат Төрага жана коллегиянын башка мүчөлөрү ар кандай талкуулаган маселе жана кабыл алынган чечим боюнча өзгөчө пикирде болушу мүмкүн, ал жөнүндө протоколго жазылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирилет.
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын
түзүмдүк подразделениелеринин ишин уюштуруу жана пландаштыруу, күн тартиби, документтерди өткөрүүнүн жана контролдоонун тартиби жана Министрликтин ишмердигинин башка маселелери министр тарабынан бекитилүүчү тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
19. Министрлик илимий-консультациялык жана эксперттик кењештерди
түзө алат. Министрликтин илимий-консультациялык жана эксперттик кењештеринин курамы жана алар жөнүндө жоболорду министр бекитет. Көрсөтүлгөн кењештердин иштерин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Министрликтин борбордук аппаратынын бекитилген санынын жана Министрликти кармоого каражаттардын чегинде Министрлик тарабынан ишке ашырылат.
20. Министрликте мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча
комиссия иштейт.
21. Борбордук аппараттын түзүмдүк подразделениелеринин жана
ведомстволук караштуу органдарынын иштерин контролдоону белгиленген тартипте Министрлик жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2007 · № 86
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.