Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «»Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-декабры № 2021-П-20/72-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобо бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Төмөнкү ченемдик укуктук актылар күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/12 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-сентябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 38-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 12-пунктчасы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 12-пункту.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К. Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын…Положение · 14.09.2011 · № 52/12
- КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" ЖобосуПоложение · 20.04.2022 · № 2022-П-14/25-3-(ПС)
- Адистештирилген финансы уюмдарынын ишин жөнгө салуу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 6-июлундагы № 2026-П-17/35-6-(НПА) токтомуна карата…Правила · 06.07.2026 · № 2026-П-17/35-6-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын…Положение · 22.12.2021 · № 2021-П-20/72-8-(НПА)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 16.11.2012 · № 43/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/12 " "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу…Постановление · 14.09.2011 · № 52/12 · Күчүн жоготкон
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики (по вопросам регулирования деятельности НФКО)"Постановление · 21.12.2022 · № 2022-П-12/81-7-(НФКУ)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 31.10.2025 · № 2025-П-14/59-2-(ПС)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын…Положение · 22.12.2021 · № 2021-П-20/72-8-(НПА)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 16.11.2012 · № 43/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон