Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 13-октябры № 2021-П-14/56-1-(ПС) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) эрежелери бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу";
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 8-абзацы;
- тиркеменин 7-пункту.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К.Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) ЭРЕЖЕЛЕРИ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы № 2021-П-14/56-1-(ПС) токтому менен бекитилген)Правила · 13.10.2021 · № 2021-П-14/56-1-(ПС)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2015 · № 77/4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы №…Правила · 21.12.2015 · № 77/4 · Күчүн жоготкон
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики по вопросам противодействия финансированию преступной деятельности и…Постановление · 26.12.2025 · № 2025-П-12/70-6-(ПС)
Шилтеме берет (3)
- КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-14/23-11-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2015 · № 77/4 · Күчүн жоготкон