Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (БС) «»Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-июлу № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын "2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- токтомго карата тиркеменин 2-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана банктарды лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "ЭкоИсламикБанк" ЖАКты, "Бакай Банк" ААКсын, "БТА Банк" ЖАКты, Кыргыз банктар бирлигин, Ислам финансы ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо Кыргыз Республикасынын…Положение · 18.07.2018 · № 2018-П-12/30-3-(БС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдындагы 31-майы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.05.2017 · № 21/10
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 " "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда…Постановление · 28.12.2009 · № 51/5 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики в части операций финансово-кредитных организаций с ценными бумагами и…Постановление · 24.03.2020 · № 2020-П-12/15-5-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо Кыргыз Республикасынын…Положение · 18.07.2018 · № 2018-П-12/30-3-(БС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды…Положение · 28.12.2009 · № 51/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдындагы 31-майы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.05.2017 · № 21/10
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы № 327 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн…Постановление · 29.05.2009 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-июнундагы № 329 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 02.06.2009 · № 329 · Күчүн жоготкон