Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-июну № 329 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-жыл, № 3, 126-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-пунктундагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.
2. 9-берененин биринчи бөлүгүндө:
расмий тилдеги тексттин биринчи абзацындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын;
- 1, 17, 19, 27, 28 жана 34-пунктчалар күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөргүч механизмдери, экскалаторлор жана фуникулер колдонулуучу коркунучтуу өндүрүш объекттерин эксплуатациалоону кошпогондо коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана эксплуатациялоо;";
- 5-пунктчада ", парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертификаттарынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пунктчада "иштердин" деген сөз "атайын иштердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пунктчада ", ломбард иши" деген сөздөр алып салынсын;
- 18-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, куруу, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк багыттагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы ишмердик;";
- 35-пунктчада "бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.
3. Расмий тилдеги тексттин 17-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып милдеттүү лицензиялоого тийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесинен ушул Мыйзам менен алып салынган ишкердиктин түрлөрүнө берилген лицензиялар юридикалык күчүн жоготот, ал эми ишкердиктин ушул түрлөрү боюнча лицензия берүү үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарып берилүүгө тийиш.
3-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) ""Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган…Постановление · 18.07.2018 · № 2018-П-12/30-3-(БС)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон