Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (ПС) «»Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоону жана өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 30 сентября 2019 года № 2019-П-14/50-2-(ПС) "Об утверждении Положения "О регулировании деятельности платежных организаций и операторов платежных систем"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-30.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июну № 2018-П-14/24-5-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоону жана өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-14/24-5-(ПС) токтомуна тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ТОЛУКТОО ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү бекитилсин: Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" Жобонун:
- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын:
"32-1. Төлөөчүлөрдүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казыналык эсебине чегерилүүгө тийиш болгон, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн, төлөм уюму:
- кеминде он миллион сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн тиешелүү келишимдерде ушул талапты чагылдыруу жана тобокелдиктерди контролдоо жана тескөө боюнча зарыл механизмдерди жөнгө салуу менен Кыргыз Республикасынын бюджетине кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык суммасына 100 пайыздык алдын ала төлөм сунуштоого тийиш.";
- 71-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону…Постановление · 30.09.2019 · № 2019-П-14/50-2-(ПС)
- "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42/3…Положение · 25.03.2015 · № 19/10 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону…Постановление · 30.09.2019 · № 2019-П-14/50-2-(ПС)
- "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42/3…Положение · 25.03.2015 · № 19/10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 25.03.2015 · № 19/10 · Күчүн жоготкон