Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 30 сентября 2019 года № 2019-П-14/50-2-(ПС) "Об утверждении Положения "О регулировании деятельности платежных организаций и операторов платежных систем"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-30.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-марты № 19/10 Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Төлөм системасы башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. “Төлөм системасынын оператору” жана “Төлөм уюму” аныктамасында камтылган юридикалык жактар ушул токтом күчүнө киргенден кийинки алты ай ичинде өз ишин ушул жобонун талаптарына ылайык келтиришсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу
Н. Жениш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42/3…Положение · 25.03.2015 · № 19/10 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/11 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону…Постановление · 25.03.2015 · № 19/11 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону…Постановление · 30.09.2019 · № 2019-П-14/50-2-(ПС)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14/54-10-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы…Постановление · 27.12.2017 · № 2017-П-14/54-10-(НПА) · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-14/24-5-(ПС) ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №…Постановление · 20.06.2018 · № 2018-П-14/24-5-(ПС) · Күчүн жоготкон