Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 токтому менен бекитилген
Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө ЖОБО (КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N 49/17, 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10, 2018-жылдын 15-августундагы №2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамга жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана" кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары текст боюнча - ММРО) бирдиктүү формасын аныктайт.
1.2. "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун аракети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) лицензия алышкан бардык кредиттик союздарга жайылтылат.
1.3. ММР0 кредиттик союздун бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
2. Максаттары жана милдеттери
2.1. ММРО төмөнкүлөргө анализ жүргүзүү максатында түзүлөт:
а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарында бекитилген функцияларды аткаруунун алкагында кредиттик союздун финансылык абалына;
б) Кредиттик союздун жетекчилеринин ликвиддүүлүктү, төлөө жөндөмдүүлүгүн жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алуусу үчүн кредиттик союздун ишине.
2.2. ММРОнун башкы милдети - ушул Жобонун 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кредиттик союздардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалымат берүү.
3. ММРОнун мазмуну жана аны берүү мезгил аралыгы
3.1. ММР0 өзүндө кредиттик союздун белгилүү бир мезгил ичинде аткарган ишин чагылдырган, белгиленген формадагы жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү отчетту түшүндүрөт.
3.2. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, алардын кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
3.3. 4-чейрек үчүн ММРО жылдык отчет болуп саналат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банкка берилет.
3.4. ММРО 7 формадан турат.
4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту берүү тартиби
4.1. Ар бир кредиттик союзда ММРОнун мазмунун толуктугу, берүү мөөнөттөрүнүн сакталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Ал кызматкерге ММРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өзара иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлөт.
4.2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет Улуттук банкка ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык формада, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылып жана электрондук түрдө Улуттук банкка сунушталат. Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш.
Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Кредиттик союздун электрондук почтасы жок болсо, отчетторду жазып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3-1. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш.
Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. ММРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар кездешип, толук эмес түрдө берилген, же болбосо формалары туура эмес толтурулган учурларда Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгы, областтык башкармалыктары же Баткен областындагы өкүлчүлүгү кредиттик союзга документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн баштап, 10 жумуш күнү ичинде оңдолгон отчетту финансылык отчетунда чагылдыруу менен берүү зарылдыгы жөнүндө кат жөнөтөт;
Оңдолгон отчеттор кредиттик союздун коштомо каты менен бирге Улуттук банктын катын алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш.
4.5. Улуттук банктын ММРО боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык оңдолуп жана кредиттик союздун каты менен тастыкталгандан кийин ММРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелет.
4.6. ММРО белгиленген формада: коштомо кат менен бирге, ар бир формага кредиттик союздун төрагасынын жана башкы бухгалтеринин коюлган колтамгасы менен берилүүгө тийиш. ММРО отчеттук күнгө карата кредиттик союздун иш абалы тууралуу так маалыматты камтууга тийиш.
5. Корутунду жобо
5.1. Маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же так эмес маалыматтардын берилиши, ошондой эле ММРОнун туура эмес толтургандыгы үчүн кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5.2. Кредиттик союздар Улуттук банкка берилген ММРОнун экинчи нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого 1-тиркеме
Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун КУРАМЫ
Форманын N
Аталышы
Мезгилдүүлүгү
Берүү мөөнөттөрү
1-1
Баланстык отчет (Активдер)
Чейрек сайын
1, 2 жана 3-чейректер үчүн отчеттор отчеттук мезгил аралыгы аяктаган күндөн тартып, 12 календардык күн ичинде. 4-чейрек үчүн отчет отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен.
1-2
Баланстык отчет (Милдеттенмелер жана капитал)
2
Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет
3
Кредиттик портфель боюнча маалымат
4
Кредиттик союздун насыя алуучулары жөнүндө билдирүү
5
Кредиттик союздун аманат (депозиттик) операциялары боюнча отчету
6
Жана башка маалыматтар
7
Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого 2-тиркеме
Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТУ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2016-жылдын 20-январындагы №4/5, 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1, 2018-жылдын 30-майындагы №2018-П-12/20-2, 2018-жылдын 15-августундагы №2018-П-33/33-8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (13)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2012-жылдын 18-январындагы №2/2 ТоктомуПостановление · 18.01.2012 · № 2/2
- "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/2 токтому менен…Правила · 04.05.2005 · № 14/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 ""Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү…Постановление · 16.01.2008 · № 3/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 30.05.2018 · № 2018-П-12/20-2-(НФКУ)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 16.08.2017 · № 2017-П-12/34-1-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 " Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 20.01.2016 · № 4/5
- КР Улуттук банк Башкармасыны 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 24.04.2013 · № 13/10
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-33/33-8-(НФКУ)
- КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 16-декабрындагы № 49/17 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 20-февралында 6-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 2008-жылдын…Постановление · 16.12.2009 · № 49/17
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики (по вопросам регулирования деятельности НФКО)"Постановление · 21.12.2022 · № 2022-П-12/81-7-(НФКУ)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики по вопросам классификации активов"Постановление · 20.12.2023 · № 2023-П-12/80-4-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 22.01.2025 · № 2025-П-12/2-3-(НФКУ)
13 ичинен 12 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2012-жылдын 18-январындагы №2/2 ТоктомуПостановление · 18.01.2012 · № 2/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-33/33-8-(НФКУ)
- КР Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 25.04.2012 · № 18/9
- КР Улуттук банк Башкармасыны 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 24.04.2013 · № 13/10
- КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 16-декабрындагы № 49/17 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 20-февралында 6-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 2008-жылдын…Постановление · 16.12.2009 · № 49/17
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон