Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (ДКП) «Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "О нормативах обязательных резервных требований для банков" от 13 марта 2019 года № 2019-П-07/10-2-(ДКП)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-03-13.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-октябры № 2017-П-07/45-4-(ДКП) Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милдеттүү камдык талаптар сакталбагандыгы үчүн коммерциялык банкка Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги эсептик ченинин орточо үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
К.Кулматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) "Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу" токтомуПостановление · 13.03.2019 · № 2019-П-07/10-2-(ДКП)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) "Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу" токтомуПостановление · 13.03.2019 · № 2019-П-07/10-2-(ДКП)
- Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №161 "Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- "Милдеттүү резервдер жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген) ЖОБОПоложение · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
- "О размере штрафа за несоблюдение обязательных резервных требований"Постановление · 25.10.2017 · № 2017-П-07/45-4-(ДКП)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 " "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"Постановление · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/3 токтому менен бекитилген"Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобоПоложение · 26.11.2008 · № 42/3 · Күчүн жоготкон