Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген»Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө» жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 19 марта 2010 года № 8/2 "Об утверждении Положения "Об обязательных резервах" "» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-19.
КР Улуттук банкынын Башкармасынын
2010-жылдын 19-мартындагы N 8/2 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
31-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 157-08
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 26-ноябрындагы
№ 42/3 токтому менен
бекитилген
"Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө"
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкы жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда коммерциялык
банктарга карата милдеттүү камдарды Улуттук банкта депондоштуруу боюнча
талаптар белгиленип, милдеттүү камдардын өлчөмү, аларды сактоо тартиби
жана милдеттүү камдардын ченемдерин сактабагандык үчүн санкциялар аныкталган.
1.2. Милдеттүү камдар - бул, коммерциялык банктар Улуттук банк та-
рабынан белгиленген шарттарда анда депондоштурууга милдеттүү болгон ак-
ча каражаттарынын суммасы.
Милдеттүү камдык талаптар (мындан ары - МКТ) - бул, Улуттук банкта
милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча коммерциялык банктарга карата
коюлган талаптар.
Эсептөө базасы - бул, коммерциялык банктын депозиттик жана башка
эсептеринде эске алынуучу анын сом түрүндөгү жана валюталык милдеттен-
мелери. Эсептөө базасына кирген милдеттенмелердин тизмеги Улуттук банк
Башкармасы тарабынан бекитилет.
1.3. МКТ акчакредит саясатынын инструменттеринин бири болуп сана-
лат жана Улуттук банк тарабынан акча агрегаттарынын, банктык кредиттер-
дин көлөмүн жана ликвиддүүлүккө суроо-талапты жөнгө салуу каражаты ка-
тары колдонулат.
1.4. Милдеттүү камдардын өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан
эсептөө базасынан пайыздарда белгиленет. Эсептөө базасынын курамына
кирген милдеттенмелердин ар башка категориясы үчүн ар кандай пайыздык
маанилер белгилениши мүмкүн. Милдеттүү камдардын өлчөмү акчакредит сая-
сатынын максаттарында өзгөртүлүшү ыктымал.
1.5. Милдеттүү камдарды депондоштуруу коммерциялык банктар тарабы-
нан Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте акча каражаттарын жайгаш-
тыруу түрүндө жүзөгө ашырылат.
1.6. Коммерциялык банктар ушул жобонун 4.5-пунктунда каралган
учурларды эске албаганда, банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия
колдонулуп турган мезгил ичинде МКТны аткарууга милдеттүү.
1.7. МКТны сактабагандыгы үчүн коммерциялык банктан Улуттук банк
тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм кармалат.
2. Милдеттүү камдарды эсептөө тартиби
2.1. Милдеттүү камдар жума сайын, жуманын алгачкы иш күнүндө эсеп-
телинет жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү
камдардын өлчөмүнө ылайык, өткөн жума үчүн орточо күндүк эсептөө база-
сынан пайыздарда аныкталат. Эсептөө мааниси өтүп жаткан иш жумасынын
аралыгында колдонулат.
2.2. Эсептөө базасы Улуттук банктагы четөлкө валютасындагы депо-
зиттик эсепке коммерциялык банк тарабынан которулган каражаттардын сум-
масына азайтылат. Эсептөө базасынын курамына кирген валюталык милдет-
тенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк Башкармасы белгиле-
ген катталган курс боюнча эсептелинет.
2.3. Милдеттүү камдарды эсептөө 1-тиркемеге ылайык формада жүргү-
зүлөт. Коммерциялык банктын жетекчисинин колтамгасы менен күбөлөндүрүл-
гөн эсептөөлөр жума сайын, жуманын биринчи иш күнүндө саат 12.00го чей-
ин Улуттук банкка берилет. Эгерде "Милдеттүү камдарды эсептөөлөр" өз
убагында берилбесе, же болбосо такталбаган маалыматтардын берилиши учу-
рунда коммерциялык банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына
ылайык жоопкерчилик тартат.
2.4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында расмий
белгиленген демалыш жана майрам күндөрү эсептөөдө эске алынбайт.
3. Милдеттүү камдарды Улуттук банкта депондоштургандыгы
үчүн коммерциялык банктарга төлөнүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн
эсептөө жана төлөө тартиби
3.1. Милдеттүү камдарды Улуттук банкта депондоштургандыгы үчүн
төлөмдөрдүн өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.
3.2. Коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсе-
биндеги акча каражаттарынын калдыгынын суммасы милдеттүү камдардан ашып
кеткен же ага барабар болгон күндөр үчүн гана төлөмдөр эсептелинет,
мында Улуттук банктан "овернайт" кредиттерин алган күндөр эске алын-
байт.
3.3 Төлөмдөрдү которуу базалык мезгил бүткөндөн кийинки 5 жумуш
күнүнөн кечиктирбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Милдеттүү камдарды Улуттук
банкта депондоштургандыгы үчүн төлөмдөрдүн суммасын эсептөө мисалдары
2-тиркемеде келтирилген.
4. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн
төлөмдөрдү эсептөө жана аларды өндүрүү тартиби
4.1. МКТ аткарылышына контролдук эки жумалык базалык мезгилдин
бүтүшү боюнча ишке ашырылат. Эгерде коммерциялык банктын Улуттук банк-
тагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы менен мил-
деттүү камдардын өлчөмү ортосундагы базалык мезгил ичиндеги суммардык
айырма оњ
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 26-ноябрындагы
№ 42/3 токтому менен
бекитилген
"Милдеттүү камдар жөнүндө"
Жобого карата
1-тиркеме
______ дан ________________ чейинки мезгил үчүн
милдеттүү камдарды эсептөө
_________________________________________________
(коммерциялык банктын аталышы)
| Милдеттери | Жуманын ар бир күнү | Жума ичинде | ||||||
| үчүн отчет боюнча сумма | орточо | |||||||
| Дш | шш | шр | Бш | Жм | ||||
| 1 | Эсептешүү (күндөлүк) эсептер | |||||||
| 2 | Талап боюнча төлөнүүчү | |||||||
| депозиттер | ||||||||
| 3 | Мөөнөттүү депозиттер | |||||||
| 4 | Кыргыз Республикасынын | |||||||
| Өкмөтүнүн жана жергиликтүү | ||||||||
| бийлик органдарынын эсептери | ||||||||
| жана депозиттери | ||||||||
| 5 | Бардыгы (1+2+3+4) | |||||||
| 6 | Улуттук банктагы депозиттик | |||||||
| эсептердеги четөлкө | ||||||||
| валютасындагы каражаттар | ||||||||
| Жыйынтыгында - эсептөө | ||||||||
| базасы (5-6) | ||||||||
| Милдеттүү камдар |
Коммерциялык банктын жетекчисинин колтамгасы
Мөөрү
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 26-ноябрындагы
№ 42/3 токтому менен
бекитилген
Милдеттүү камдар жөнүндө Жобого
2-тиркеме
Милдеттүү камдарды Улуттук банкка депондоштуруу үчүн
төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептөө мисалдары
( )
| Отчеттук | Улуттук банктагы | Милдеттүү | Милдеттүү | Улуттук | Компен- |
| мезгил | корреспонденттик | камдар | камдардан | банктын | сациялар |
| эсеп | четтөөлөр | "овернайт" | |||
| кредиттери | |||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 08.01.07 | 13873105 | 19435737 | -5562632 | ||
| 09.01.07 | 32377056 | 19435737 | 12941319 | 3000000 | |
| 10.01.07 | 16838544 | 19435737 | -2597193 | ||
| 11.01.07 | 26924740 | 19435737 | 7489004 | 1209 | |
| 12.01.07 | 16853540 | 19435737 | -2582196 | ||
| 15.01.07 | 18066714 | 19435737 | -1369023 | ||
| 16.01.07 | 16420419 | 15620143 | 800276 | 972 | |
| 17.01.07 | 15923809 | 15620143 | 303666 | 972 | |
| 18.01.07 | 26443532 | 15620143 | 10823390 | 5000000 | |
| 19.01.07 | 15449238 | 15620143 | -170904 | ||
| 20075706 | 3153 |
Милдеттүү камдардан четтөөлөрдү эсептөө формуласы:
О=К-Р,
мында 0,10
К - корреспонденттик эсеп
Р - милдеттүү камдар
Камдык талаптарды сактагандыгы үчүн компенсацияларды эсептөө фор-
муласы:
= */100/360, мында
- милдеттүү камдар
С - иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча айдын
баш жагына карата алынган, бардык банктар үчүн бирдей орточо салмакта-
нып алынган пайыздык чен
Маалымат
үчүн:
2007-жылдын 1-январына карата депозиттер боюнча орточо
салмактанып алынган чен. (%%) 2,24
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 26-ноябрындагы
№ 42/3 токтому менен
бекитилген
Милдеттүү камдар жөнүндө Жобого
3-тиркеме
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн
төлөмдөрдү эсептөө мисалдары
(сом)
| Отчеттук | Улуттук | Милдеттүү камдар | Милдеттүү камдардан |
| мезгил | банктагы | четтөөлөр | |
| корреспон- | |||
| денттик эсеп | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| 24.01.2002 | 5937176 | 7430549 | -1493373 |
| 25.01.2002 | 6434832 | 7430549 | -995717 |
| 26.01.2002 | 7060832 | 7430549 | -369717 |
| 27.01.2002 | 7060832 | 7430549 | -369717 |
| 28.01.2002 | 5156920 | 7430549 | -2273629 |
| 31.01.2002 | 8735084 | 7642784 | 1092300 |
| 01.02.2002 | 8668152 | 7642784 | 1025368 |
| 02.02.2002 | 8582829 | 7642784 | 940045 |
| 03.02.2002 | 9630548 | 7642784 | 1987764 |
| 04.02.2002 | 7896305 | 7642784 | 253521 |
| Жыйынтыгында: | -203154 | ||
| Орточо күндүк четтөөлөр | -20315 | ||
| МКТны сактабагандыгы үчүн төлөм | 110 |
Милдеттүү камдардан четтөөлөрдү эсептөө формуласы:
О=К-Р,
мында
К - корреспонденттик эсеп
Р - милдеттүү камдар
МКТны сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептөө формуласы:
П=ОС*У*3/100/360*Д,
мында
ОС - камдык активдердин милдеттүү камдардан орточо күндүк
четтөөлөрү
У - Улуттук банктын базалык мезгилдеги эсептик чени, орточо алган-
дагы
Д - базалык мезгилдеги иш күндөрүнүн саны (кароого алынып жаткан
учурда 10 күн.)
Маалымат үчүн:
Улуттук банктын базалык мезгилдеги эсептик чени,
орточо алгандагы (%%) 6,50
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрынын № 42/3 "Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтомуПостановление · 26.11.2008 · № 42/3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 " "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"Постановление · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3…Положение · 27.05.2009 · № 25/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-4-(ДКП) "Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу" токтомуПостановление · 25.10.2017 · № 07/45-4 · Күчүн жоготкон