Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 августа 2020 года № 138
Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын менчик ээлери тарабынан белгиленет. Муниципалдык жолдорду пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу максималдык өлчөмдөрдүн, жалпы массанын, октук жүк көтөрүмдүүлүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө уруксат берилет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн уруксат берилген автотранспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрү, жалпы массасы, октук жүк көтөрүмдүүлүгү жана башка линиялык параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттердин аймагында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйымдарды алуудан бошотуу Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилет. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана аларды таразага тартуу, максималдык өлчөмдөрүм жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн макулдашууга милдеттүү. Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар тиешелүү жол органдарынан иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдарды, технологияларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ордер алууга жана аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашууга милдеттүү. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
21.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
кошулду: Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттердин аймагында катталган … менен макулдашууга милдеттүү.
(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № алынып салынды: 29 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз…Постановление · 18.08.2017 · № 512
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө"…Постановление · 07.02.2020 · № 72
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан…Постановление · 26.07.2013 · № 419
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомуПостановление · 23.08.2018 · № 396
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 14.01.2015 · № 9 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-18" title="18-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>