Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 „Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-июлу № 419 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана жүктү автомобилдик ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлеринин 1.3-пунктунун 1.3.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- үч октуу сүйрөгүч үч октуу жарым прицеби менен - 44 т.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
| 3 | ЭМ-07 | Бишкек-Нарын-Торугарт | Чүй облусу, Кемин району | Бишкек- Нарын- Торугарт 101-чакыры- мы | "Кемин" |
"; 4-пунктундагы "Ош-Сары-Таш-Эркештам автожолунун 184-чакырымы, Сары-Таш айылы" деген сөздөр жана цифралар "Сары-Таш-Комсомолабад автожолунун 5-чакырымы" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын; 5-пунктундагы "99" цифрасы "91,6" цифрасына алмаштырылсын; 7-пунктундагы "637" цифрасы "629" цифрасына алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 8-17-пункттар менен толукталсын: "
| 8 | ЭМ-14 | Суусамыр-Талас-Тараз | Талас облусу, Манас району | Тараз- Талас- Суусамыр автожолунун 49-чакырымы | "Кызыл- Адыр" |
|---|---|---|---|---|---|
| 9 | ЭМ-07 | Бишкек-Нарын-Торугарт | Нарын облусу, Ат-Башы району | Бишкек- Нарын- Торугарт автожолунун 400-чакыры- мы | "Ат-Башы" |
| 10 | ЭМ-13 | Ош-Баткен-Исфана | Баткен облусу, Кадамжай району | Ош-Баткен- Исфана автожолунун 108-чакыры- мы | "Көк-Та- лаа" |
| 11 | ЭМ-13 | Ош-Баткен-Исфана | Ош облусу, Кара-Суу району | Ош-Баткен- Исфана автожолунун 7-8-чакыры- мы | "Ноокат" |
| 12 | М-076 | "Кербен-Ала-Бука- Чаткал" | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Кербен- Ала-Бука- Чаткал автожолунун 6-чакырымы | "Кербен" |
| 13 | М-076 | Таш-Көмүр-Кербен- Ала-Бука | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Таш-Көмүр- Кербен- Ала-Бука автожолунун 7-чакырымы | "Кум-Бу- луң" |
| 14 | ЭМ-07 | Нарын-Баетов | Нарын облусу, Нарын шаары | Нарын- Баетов автожолунун 10-чакырымы | "Нарын" |
| 15 | ЭМ-16 | Кочкор-Арал-Төө-Ашуу | Нарын облусу, Кочкор району | Кочкор- Арал- Төө-Ашуу автожолунун 0-чакырымы | "Кочкор" |
| 16 | ЭМ-16 | Кочкор-Арал-Төө-Ашуу | Чүй облусу, Жайыл району | Кочкор- Арал- Төө-Ашуу автожолунун 217-чакыры- мы | "Суусамыр" |
| 17 | ЭМ-06 | Балыкчы-Бөкөнбаев- Каракол | Ысык-Көл облусу, Тоң району | Балыкчы- Бөкөнбаев- Каракол автожолунун 0-чакырымы | "Балыкчы" |
";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак - габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
3, 5 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөр жөнүндө Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына белгиленген тартипте билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Перечень · 08.08.2011 · № 454
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз…Постановление · 08.08.2011 · № 454
Шилтеме берет (3)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.