Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар, алардын укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2015 года № 211
Автомобиль жолдорун пайдалануу - бул жол кыймылын, ошонун ичинде жүктү жана жүргүнчүлөрдү автомобиль аркылуу ташууну, ошондой эле автомобиль жолдоруна караган жерлерде дагы башка ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылчу иш. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар - жол кыймылына катышуучулар, ошондой эле автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн жерлерде иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар. Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат. Максималдык салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары, жалпы пайдалануудагы бардык автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча өтүүгө укуктуу. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 132, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 132 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында кошулду: автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын алынып салынды: жеке жана юридикалык жактары менен бирдей укукта автомобиль жолдорунан пайдаланылышат.
кошулду: мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
Максималдык салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган … жолдору боюнча өтүүгө укуктуу.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № алынып салынды: 132 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 132, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-17" title="17-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>