77-статья. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
77-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 77-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.
2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.
3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.
4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.
5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.
6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн, ошондой эле жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын санитардык талаптарды сактоо менен орнотуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, санитардык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) базалык станцияларды, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
8. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Субижарага берилиши мүмкүн болбогон мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участокторун кошпогондо, калктуу конуштардын убактылуу пайдаланууга берилген жерлери ошол жерлерди максаттуу арналышына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн. Тиешелүү жер участокторунда турган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага жана субижарага берилиши мүмкүн.
10. Калктуу конуштардын жерлеринин аймагында башка тиешелүү категориядагы жерлер болушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 декабря 2017 года № 207 (12) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в области землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2011 года № 213 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 января 2006 года № 7 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.
5. Калктуу конуштардын чегараларында … 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2019-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 107 кошулду: 107, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 13
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4648-V "Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын…Постановление · 25.12.2014 · № 4648-V
- Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 114 "Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо…Постановление · 13.03.2018 · № 114
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ Курулуштагы ченемдик документтер тутумуКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИМАРАТТАРДЫН, КУРУЛМАЛАРДЫН ЖАНА КОМПЛЕКСТТЕРДИН ДОЛБООРЛОО ДОКУМЕНТТЕРИНИН…Нормативы · 13.12.2018
- Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 08-февралындагы № 16-3 "Он Эки Бел айыл округунун 2012-жылдын 17- январындагы № 1 4 токтомун бекитип берүү тууралуу." токтомуПостановление · 08.02.2012 · № №16-3
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2000 года №196 "Об отводе земель под индивидуальное жилищное строительство в г.Ош"Постановление · 11.04.2000 · № 196
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 6-августа № 12/V "Красная Речка айылдык кенешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы №24/VI «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жекечче…Постановление · 06.08.2022 · № 12/V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Трагасынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 167 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Мураталиев тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 25.03.2024 · № 167
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №597 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында куруунун, жерди пайдалануунун жана абаттоонун" ТИПТҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 19.09.2009 · № 597 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.07.2015 · № 181
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 28.07.2015 · № 198
- Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.12.2017 · № 207(12)
- О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 07.02.2005 · № 15
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 213 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 23.06.2004 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 20.01.2006 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-77" title="77-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>