Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-январындагы № 7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо
жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2005-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, № 9, 1999-ж., 440-ст.) төмөнкүдөй
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-статья төмөнкүдөй махмундагы 2-1, 2-2, 2-3, 3-1, 9-1, 22-1,
23-1, 24-1-пунктчалар менен толукталсын:
"2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун,
башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар
куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн
элементтеринин документтери;
2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймак-
тарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар
куруу документтери;
2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана
айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытын-
да пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун,
кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкция-
лоонун түрлөрүн аныктоо;";
"3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу
жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин
жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөр менен
белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун
жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген
параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;";
«9—1) зона (регламенттик зона) — аймак, ага карата (жана тиешелүү
түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар
куруу регламенти белгиленет;»;
«22—1) укуктук зоналарга бөлүү — шаардык жана айылдык калктуу
конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана
ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана
атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;»;
«23—1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди
пайдалануу эрежелери (мындан ары — үй куруу жана жерди пайдалануу
эрежелери) — шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк
объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу
жергиликтуү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;»;
«24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин
уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу
документтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле
сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар
куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк обьекттерин пайдалануу;»;
2. 13-статьянын 3 — пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер
участокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелери
жана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз
Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген
тартипте гана жүргүзүлөт.».
3. 14-статьянын аталышындагы жана биринчи абзацындагы «шаардык
мамлекеттик администрациянын» деген сөздөр «шаардык жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчү
органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 77-статьяда:
- 1, 3 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй
куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.»;
«3. үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун
бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча
башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин
аныктайт.»;
«5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна
укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үй
куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин
негизинде жүргүзүлөт.
Менчикке же калктуу конуштарга пайдалануута берилген жер
участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону
архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.».
5. 79-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«79-статья. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү;
1. Зоналарга бөлүү — калктуу конуштардын жерлеринин аймагын
пайдалануунун функционалдык жана укуктук режимин белгилөө менен
зоналарга бөлүү.
2. Калктуу конуштардын аймагын функционалдык зоналарга бөлүү
аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу
чектөөлөрүн аныктоо үчүн шаар куруу документтеринин курамында
аткарылат.
3. Калктуу конуштардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жергиликтүү
өз аддынча башкаруу органдары тарабынан алардын юрисдикциясындагы
чегараларда жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана
ишке ашыруу жолу менен белгиленет.».
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Правила застройки и землепользования в г.Токмок (утверждены постановлением Токмокского городского кенеша от 26 апреля 2006 года № 146/28-1)Правила · 26.04.2006 · № 146/28-1
- Постановление Чолпон-Атинского городского кенеша от 16 июня 2006 года № 1 "Об утверждении новой редакции «Правил застройки и землепользования в городе «Чолпон-Ата»Постановление · 16.06.2006 · № 1
- Кант шаардык кеңешинин 2011 жылдын 21 декабырындагы №205/XXVI-25 «Кант шаарынын курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежелери» ченемдик-укуктук актын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2011 · № 205/XXVI-25
- Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 205/XXVI-25 Кант шаарынын курулуш курулуш куруу жана жер пай далануу эрежелериПравила · 21.12.2011
- Жалал-Абадский городской кенеш от 24 мая 2006 года № 3 "Об утверждении новой редакции «Правил застройки и землепользования в г. Жалалабат"Постановление · 24.05.2006 · № 3
- Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтомуПостановление · 31.07.2014 · № 126/14-6
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке регистрации и выдаче разрешения на строительство объектов малого и среднего бизнеса в Кыргызской Республике (Утверждено приказом Государственного агентства по…Положение · 25.12.2006 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же…Постановление · 08.05.2006 · № 334 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон