Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
68-статья. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу)
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
1. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу макул болбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирбестен жер участогун акысыз алып коюу (сатып алуу) тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Мында жер участогун алып коюу (сатып алуу) жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнө таандык болгон жер участогун анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл сарптоолорго барууга укуктуу. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу көрсөтүлгөн мезгилде жаңы курулуш, имараттарды жана курулуш жайларды кеңейтүү же реконструкциялоо менен байланышкан сарптоолорду жана чыгашаларды тартып калуу тобокелин көтөрөт.
3. Жер участогуна укукту сатып алуу баасын аныктоодо ага жер участогуна болгон укуктун жана жер участогундагы имараттардын жана курулуш жайлардын рыноктук наркы, ошондой эле жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу үчүнчү жактын алдында милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланыштуу тарткан чыгашасын кошкондо, жер участогуна укугунан ажырагандыгына байланыштуу ага келтирилип жаткан бардык чыгымдар киргизилет.
4. Мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюуда, жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен макулдашуу боюнча ага башка жер участогу пайдаланууга берилиши мүмкүн, мында жер участогуна болгон укуктун наркы сатып алуу баасына кошулуп эсептелет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 67 "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.02.2008 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-августунда № 455 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жерлерди алмаштыруу жана…Постановление · 01.08.2017 · № 455
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №216 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кенешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл…Постановление · 13.05.2008 · № 216
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-мартындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында жайгашкан жерлерди алмаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2019 · № 136
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 417-б "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы…Распоряжение · 31.12.2020 · № 417-р
- Постановление Правительства КР от 20 января 1999 года №30 "Об отводе земель для строительства жилья населению Сузакского района Джалал-Абадской области, пострадавшему от…Постановление · 20.01.1999 · № 30
- Постановление Правительства КР от 11 февраля 1999 года №78 "Об отводе земель под расширение населенных пунктов Таш-Мойнокского и Кок-Джарского айыл окмоту Аламудунского района…Постановление · 11.02.1999 · № 78
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 5449-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 423-V протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2015 · № 5449-V
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАРАКОЛЬСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША от 26 марта 2024 года №28-39/3 "Об изъятии земельных участков для реконструкции искусственной взлетно-посадочной полосы…Постановление · 26.03.2024 · № 28-39/3
- Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-апрелиндеги №17-10 "Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө." токтомуПостановление · 24.04.2012 · № №17-10
- Постановление Правительства КР от 2 июня 1999 года N 307 "Об отводе земель для индивидуального жилищного строительства населению Нариманского айыл окмоту Кара-Суйского района…Постановление · 02.06.1999 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 124-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.04.2017 · № 124-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июнундагы № 343-б буйругуРаспоряжение · 02.06.2004 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 611 "Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 611 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 199 "Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2006 · № 199 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 июня 2004 года № 451 "О Заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и…Постановление · 17.06.2004 · № 451 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-68" title="68-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>